Акыркы кабарлар
» Коом » Жалал-Абадда шахтадан чыккан газга ууланып дагы бир киши каза болду
Жалал-Абадда шахтадан чыккан газга ууланып дагы бир киши каза болду
12-октябрь, 11:40
145 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы шахтадан чыккан газга ууланып дагы бир эркек киши каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Кабарлангандай, 36 жаштагы киши ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган. "Ооруканада учурда төрт адам жатат, дагы алты киши амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү" деп айтылат билдирүүдө.
11-октябрда түнкү саат 02:29 чамасында Чаткал районундагы кен өндүрүүчү ишкананын инженери шахтада газ чыккандыгын кабарлаган. Шахта ичинде калган жаранды куткарууга тогуз куткаруучу тартылган. Буга чейин аталган шахтада 24 жаштагы жигиттин каза болгону белгилүү болгон.