Сирия, Ирактагы террордук уюмга кошулган кыргызстандыктар кайтып келишет, кооптуу эмеспи?
Учурда Түркия абактарында отурган Кыргызстандын 23 жараны бар. Алар террордук уюмдун мүчөсү катары кармалган.
Туркия “Ислам мамлекети” террордук уюмунун 956 мүчөсүн өз өлкөлөрүнө экстрадициялоону улантат. Алардын арасында Кыргызстандын 23, Казакстандын 10, Өзбекстандын 82, Түркмөнстандын 6, Орусиянын 99 жана башка өлкөлөрдүн жарандары отурушат.
Аларды Туркия мамлекети өз мекенинде жарандыктан ажыратылганына карабастан 11-ноябрдан тарта депортация кыла баштады.
Европа жана башка мамлекеттери "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен жарандарын атуулдуктан ажыратып, аларды кайра кабыл алууга каршы экендиктерин билдирген.
Эскерте кетсек, 2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга Кыргызстандан да 800дөй адам барып кошулганын, анын 200гө жакыны каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны кыз-келиндер болсо, көбүнүн балдары бар.