Жекшен Кийикбаев: “Менин маселемди бир гана президент чечет”


Жекшен Кийикбаев Кара-Балта шаарынын тургуну. Мындан эки жыл мурун, тактап айтканда, 2020-жылы декабрь айында 586 сом менен пенсияга чыккан. Кийинки көбөйгөнү 800 сом болуптур. Быйыл 1029 сомго чейин жетиптир. Барбаган жери, какпаган эшиги калбаптыр. Президент Садыр Жапаровдун наамына арыз-муңун айтып кат жазса, а кишиге жетпей эле бери жактан соцфондго кайра жиберип атканын айтып, акыркы үмүтү “Азия Ньюс” гезити экенин кошумчалай отурду.
-- Жекшен ага, пенсияңыз эмнеге мынча аз болуп калган?
-- Биздин соцфонд ушундай суммада чыгарган, өзүм да түшүнбөй калдым. Алар архивдик эсеп-чоттордун баарын карап чыгышкан. Бу жерде көптөгөн мүчүлүштүктөр кеткен сыяктуу. Соцфондду күнөөлөбөйм, бирок менин буга чейин иштеген жерлерим архивге тапшырбаса, мен күнөөлүү эмесмин да! Таш-Көмүр тамеки заводунда 7-8 жылдай иштедим. Кийин Тотогулдун топбазасында 6 жыл башкы эсепчи болдум. Анан оор заман келип, бала-чаканы багыш керек болуп, алды-алды менен баарыбыз таркап кеттик. Директор эч бир документти архивге тапшырбаптыр, ага да мен күнөөлүү эмесмин.
-- А эмгек китепчеңизге эч нерсе жазылган эмес беле?
-- Эмгек китепчем Жалал-Абаддын топбазасында калган. Алар да архивге тапшырбаптыр. Жалал-Абаддын архивин сотко да берип көрдүм. Сот туурасын айтты. Бу жерде менин маселемди бир гана президент Садыр Жапаров чечет.
-- Айтсаңыз, президент кандай кылып жардам бере алат?
-- Ошол киши тийешелүү жерлерге тапшырма берип, чын-бышыгына жеткирип, пенсиямды көбөйтөт. Башка жерден жардам күтүп болбой калды. Бүгүнкү күндө 1029 сом пенсия акылга сыйбаган нерсе го дейм. Кыргызстан боюнча мындай пенсия барбы, бул эмнеге жетет?
-- Иштеп жүргөн кезде мекеменин эсеп бөлүмүнө кирип, “менин айлыгымдан соцфондго кетип атабы?” деп сурап көрдүңүз беле?
-- Эми ал убакта кетип аткан, справкаларды ар бир иштеген жерден алып жүргөм. Булардын баары архивге өтпөгөндөн кийин болбойт экен. Кара-Балтанын соцфонду “архивдик справкалар гана керек” деп туруп алды. Анан жаным кашайып, ал справкаларды өрттөп жибергем.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











