Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шаршен Асанов: “Мен Масалиевдердин бакма баласымын”

Шаршен Асанов: “Мен Масалиевдердин бакма баласымын”

24-апрель, 19:30
483 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Шаршен мырза, сиз көп жыл Масалиевдердин үй-бүлөсү менен мамилелеш болуп жүрдүңүз. Алар менен кандайча иштешип калдыңыз?

-- Мен 2000-жылы Жогорку Кеңешке айдоочу болуп ишке кирдим. Ал кезде Жогорку Кеңеш эки палаталуу болчу. Исхак аке Эл өкүлдөрү, Абсамат аба болсо мыйзам чыгаруу жыйынында эле. Бир күнү гараждын директору “бүгүн Исхак Масалиев учуп келет, аэропорттон тосуп алып, бир жума ошону тартасың. Анан өзүнүн шопуру келет” деди... Бирок насип, тагдыр экен, 18 жыл иштедим алар менен. Кийин алты жыл Масалиевдин байбичесин ташыдым. Мурдагы биринчи жетекчи, Кыргыз Республикасынын Баатыры катары алардын үй-бүлөсүнө персоналдык машина бекитилип берилген. Кээде дачага, кээде ооруканага алып барам. Ал киши мага апам сыяктуу эле болчу. Мени “Шакибай” деп чакырчу. Мен болсо аны “эне” дечүмүн. “Качан чакырат болду экен?” деп дайыма телефондо болом да, бирок ишемби, жекшемби күндөрү бир да жолу чакырчу эмес. Көрсө, “эс алсын, тынчын албайлы” дешчү тура. 

Жакшы адамдар менен иштеген эң чоң ырахат! Ошентип отуруп 18 жыл билинбей өтүп кетиптир. Жаман адамдар болсо 18 жыл эмес, 18 күн да чыдаш кыйын. Бир жолу гаражда шоопурлар кобурашып отурганда бирөө “Шаке, Масалиевдер менен кантип ушунча жыл иштештиң?” деп сурап атпайбы. “Бул жашыруун сыр эле, сурап калдың сага сырымды ачайын. Сен эч кимге айтпа. Бир кездерде менин атам Абсамат Масалиев менен чогуу иштешкен экен” десем, “ошо, бир байланышы бар го деп ойлогом” дейт. Ичимен күлүп атам. Атам өмүр бою Токтогулдагы айылда жашап, Масалиевди дегеле көргөн эмес. Көрсө телевизордон гана көргөндүр. Исхак аке менен жаңыдан иштеше баштаганда “Шаршен, мен сенин ишиңе кийлигишпейм, бүт өзүң бүтүр” деди. Чын эле бир да жолу гаражга басып барбады, бир да жолу директорго телефон чалган жок. Депутаттар эзгенде жаман эзет да, “аз куйдуң, көп куйдуң” деп бензинге чейин кийлигишкендер дагы бар.

-- Абсамат аба кандай киши эле?

-- Таза киши болчу. Бир жолу атын атабай эле коёюн, аябай белгилүү киши келди. Абсамат аба Көк-Жардагы дачасында огород казып аткан. Помидор, бадыраң айдашчу. Кечке жер чукулап, сугарып, чөп отоп эле жүрө берчү. Мен жолтоо болбоюн деп машина жакка басып кеттим. Кийин ал кеткенден кийин энем айтып атпайбы, “сизге менчиктештирип берели” деп элүү гектар жердин документин алып келиптир, абаң “бул элдики да” деп албай койду дейт. Бир жолу гаражга эки жаңы “Волга” келип калды. Исхак акеге “бирөөнүн мотору жакшырак экен, эптеп ошону албайлыбы?” десем, “жок, биринчи Усубалиев аксакал тандап алсын. Андан калганын сен ал” деп болбой койду. 

Абсамат абанын Клюшев деген шопуру бар болчу. Кээде экөөбүз сүйлөшүп калабыз, “меники эле жыргал, шеф машинага түшкөндө отурган жеринде эки эле из калат. Ошону эле жууп коём. Башка жакка жылбайт” дейт. Бул отургандагы эле тазалыгы. Иштегисин айтпай эле коёюн. Башка шопурлар болсо салонун тазалап атат, полигин көтөрүп жууп жүрөт... 

Акаев президент кезинде Ошко барып калдык. Ал кезде “Масалиев келатат” дегенде конторлордун баарын жаап салышчу. Акимчиликке, айыл өкмөттөрүнө киргизчү эмес. Анан абам аялдамага, же суу ичкен колонканын жанында турса эле эл өзү чогулуп калчу. Биринен-бири угуп отуруп эле бир маалда карасаң эл кылкылдап калат. Таңгаласың. Суроо артынын суроо берип, кетиришчү эмес. Көрсө, эл чындыкка суусап, чаңкап турган кези экен да. 

-- Абсамат аба эмне тамак жечү эле?

-- Ал киши жалаң үйүнөн тамактанчу. Энем бышырып, даярдап отурчу. Күчтүү тамак жечү эмес. Энем өзү болсо алыс жолго чыкканда термос алып алчу. Нан, пирожки алып, ошону жеп эле кете берчү. Жолдон бир да ашкана, кафеге кирчү эмес. 

-- Жакын достору катары кимдер менен мамиле кылчу?

-- Орозбек Дүйшеев, Бейшебай Акунов, анан Өскөн Даникеев менен катташчу. Экөө Москвада чогуу окушкан экен. 

-- Азыр да байланышып турасыңбы?

-- Мен алар үчүн үй-бүлө мүчөсү катары элемин. Мындайча айтканда, бакма баламын. “Койчу эй, ошол шопурду” дебей, эмне жакшылыгы болсо унутпай чакырышат. Мен ошого ыраазы болуп калам. Абсамат аба өткөндөн кийин бир күнү энем “мобул абаңдыкы эле, кийип ал деп бир костюм-шым берген. Дагы бир жолу шляпасын берди. Азыркыга чейин бар. “Падыша кийген баш кийим” деп кийип алам... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер