Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Төрөпейил” ректорлорго, “Жаштык” дирекциясынын жетекчиси Урмат Асанбаевге кулак кагыш

“Төрөпейил” ректорлорго, “Жаштык” дирекциясынын жетекчиси Урмат Асанбаевге кулак кагыш

15-июль, 19:41
416 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ден соолук” спартакиадасы, маалым болгондой, Кыргызстандын билим берүү тутумунун кызматкерлери үчүн айымдар жана мырзалар арасында 2 жаш категориясында каралган спорттук иш-чара. Программасына спорттун кичи футбол, стритбол, стол тенниси, волейбол, шахмат, ордо, тогуз коргоол түрлөрү киргизилген. Ага ылайык, окуу жылы ичинде – кышында республика боюнча жер-жерлерде жогорку окуу жайлар командалары арасында тийиштүү мелдештер өтүп, жети дубан жана Ош, Бишкек шаарларынан байгелүү орундардын ээлери аныкталат. Анан ошол командалар жайдын баштапкы айында Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин спорттук базасына же Бостеридеги “Кыргыз деңизи” санаторийине республикалык спартакиадага чогулушат. 

Бирок, мына ушул жерден селкинчек сымал командалардын республикалык турнирге барар-барбасы ректорлордун колундагы иш болуп калат экен. Тактап билишибизче, айрым ректорлор өздөрү ойноп көнгөн спорт түрүнө гана артыкчылык беришип, башкаларын өгөй баладай эле жалдыратып коюшарын уктук. Айрыкча өзгөчө макамга ээ болгон окуу жайлардын ректорлору президент тарабынан шайланып, мурункудай эмгек жамаатына көз карандылыгы жоголгондуктан, өзүм билемдиктери ашып-ташыган (!) дешет. Бирок, тактап айтып коёлу, сөз баардык ректорлор эмес, айрым төрөпейилдер” тууралуу болуп жатат... Сөзүнө иши төп келген мыкты ректорлор – аларга сөз жок, баардык катышуучу командаларын жылына толук алып келип, ойнотуп, кубантып эс алдырып кетип жатышат. 

Ал эми төрөпейилдер” болсо, “атайын уруксаты” менен гана өздөрү каалаган оюн түрлөрү боюнча командаларга артыкчылык беришип, убагы менен акчасын бөлүшүп, буйрук да чыгарышып, камылгасы шайма-шай жөнөп калышса, “жактырбаган” оюн түрлөрү боюнча командалар жалдырашып, “ырайым” күтүп калышат экен. Барбай калгандарычы?

Угушубузча, көп запкы жеген улуттук оюн түрлөрү... Саны деле көп эмес, болгону тогуз коргоол жана ордо. Айрым ректорлор “улуттук оюн” деп келгенде эле, же оюнду түшүнбөгөндөн жаман көрүшөрүн, же жөн гана кайдыгерлиги экени так билинбей, айтор, улуттук оюндар боюнча командаларга кол шилтеп коюшары маалым болду. 

Негизи “улуттук” деп ооз толтуруп айткан менен, жогорку спартакиаданы уюштуруп жүргөн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясы да быйыл таңгалдырууда. Не дегенде, ордо боюнча тандалма мелдештерди кыштын кычыраган суук мезгилине коюп коюшкандыктан, баардык эле окуу жайларда жабык оюн жайлары болбогондуктан, окутуучу-оюнчулар колдору томпой кармай албай көк муштум болуп тоңушуп, оюн кезегин күтүп бир тердеп, кайра үшүп оюндарды өткөрүшүптүр. Ордочулардын таңгалганы, «Жаштык» дирекциясын учурда жетектеп жаткан Асанбаев Урмат Садырович өзү ушул ордочулардын катарынан чыккан жигит, ордо оюну үчүн суук мезгил жарабастыгын башкалардан мыкты билип туруп, оюндарды кыштын кыраан чилдесине коюп салганы кызык.

Айтмакчы, “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин спорттук базасында да, Бостеридеги “Кыргыз деңизи” санаторийинде да ордо үчүн атайын оюн жайлары каралган эмес. Окутуучу-ордочулар жылына кумдуу жайларда ойноп келишет. Ордо оюнун түшүнгөндөр кум жерден чүкө чыгарыш кандай кыйын экенин жакшы билишет. Андан да быйыл спартакиаданы кабыл алган “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийи мурда стритбол ойнолчу аянтчага жасалма газон салып, кичи футбол аянтчасына айлантып салгандыктан, стритболчулар башка мектептердин спорт залдарына барып оюн өткөрүшкөнгө аргасыз болушту.    

Жыйынтыктап айтканда, бир-эки ай өтүп-өтпөй жаңы окуу жылы башталат. “Жаштык” дирекциясы да, дене тарбия жана спорт департаменти да жаңы пландык иштерин башташат. Ырасында алар мугалим-окутуучулар үчүн “Ден соолук” спартакиадасын үзгүлтүксүз уюштуруп келишет, эми жогорудагыдай айрым көйгөйлөрдү эске алып, өз жобосуна өзгөртүү, алымча-кошумчаларды киргизишсе абдан жакшы болмок.  

Мисалы, жер-жердеги тандоо турунда ачык аба алдындагы мелдештердин убактысын туура учурларга коюшса. Анан тандоо турларында мээнет менен байгелүү орундарды ээлеп, жолдомо алган командалардын республикалык спартакиадага барар-барбасын ректорлордун “кыял-каалоосуна” калтырып койбой, аларга таасир эткидей “окуу жайдын катышууга жолдомо алган баардык командалары толук келсин, тандалып жиберилбесин, толук жиберилбесе, окуу жай катышуудан четтетилет” тариздеги так кесе эреже-шартты киргизип бериши керек. Балким бул жагын спартакиаданы өткөрүүгө жооптуу дене тарбия жана спорт департаменти караштуу болгон маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана билим берүү, илим министрлиги, ал жетиштүү болбосо, өзгөчө макамдагы ректорлорду кызматка дайындаган ажобуз көңүлүнө алса дейбиз. Канткен менен “Ден соолук” спартакиадасы КР президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында, ошондой эле КР билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, сергек жашоо ыңгайын жайылтуу максатында өткөрүлүп келатат да... 

Эмесе, бул улуу максаттарга умтулган мугалимдерди муңайтпайлы... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер