Акыркы кабарлар
» Саясат » Абдылда Мусаевдин жетекчилиги астында БМУ жаңы деңгээлге көтөрүлдү
Абдылда Мусаевдин жетекчилиги астында БМУ жаңы деңгээлге көтөрүлдү
22-ноябрь, 19:30
639 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌ Кыргызстанда азыр 76 ректор бар. Алардын баардыгы тегиз деп айтыш кыйын. Көбү илим жаатында дайыны жок эле кандидат, доктор даражасын алган эргулдар. Университетте окутуучулуктан баштап, дээрлик тепкичтерди басып, окуу процессин ийне-жибине чейин билген жетекчилер чанда. Жогорку билим берүүнүн ысык-суугуна тоңгон, жакшы-жаманынын баарын билген жетекчилердин бири – Х.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор Абдылда Мусаев. Өткөн айда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы илим, билим жаатындагы байланыштарды терең изилдеген макаласы гезитибизге чыгып (“Түбү бирге түтпөйт” же Кыргызстан менен Өзбекстандын маданий-гуманитардык жана илимий-агартуучулук байланыштары” деген аталышта), анын чоң илимпоздук дарамети бар экендиги далилденди. Абдылда Мусаевдин жетекчилиги астында БМУ жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Илим жагынан да, башкаруу өнөрүнөн дагы өзүн көрсөткөн аалымдар азыр чанда. Абдылда агайдын илимий жана башкаруучулук ишмердүүлүгүн жакшылык жылоолоп жүрүшүнө тилектешпиз. Дал ушундай бийик деңгээлдеги инсаныбыздын баркына жетүүнү да ойлошубуз керек.
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити