Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Өкмөттүн оор салыгы, “кустуруу” саясаты экономиканы жабыркатып, ишкерлер чет өлкөгө качууда”

“Өкмөттүн оор салыгы, “кустуруу” саясаты экономиканы жабыркатып, ишкерлер чет өлкөгө качууда”

27-май, 15:21
2 094 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Өкмөт ишкерлерди салык менен кысканы нааразычылык жаратып, алды коңшу өлкөлөргө кете баштаганы эмнени билдирет? Эки-үч жылда салык төлөөчүлөр кескин түрдө азайып кетсе, мамлекетибизге кесепети тийбейби?” деген суроолорго эксперттерден жооп алдык.

Мавлян Аскарбеков, жарандык активист:

-- Өкмөттүн салык жаатында жүргүзгөн саясаты, анын жыйынтыгында элдин арасында нааразычылык болуп, көптөгөн митингдердин өткөнү – бул салык саясатынын туура эместигин дагы бир жолу тастыктайт. Өкмөттүн негизги максаты – казынаны 2-3 эсе көбөйтүү эмес. Өкмөттүн негизги максаты – кыргыз элине, анын ичинде ишкерлерге ишмердүүлүк кылууга шарт түзүп берүү. Ошол шартты түзүп берсе, коррупцияны азайтса, анан ишмерлер көбөйүп, салыктын да арбышы табигый көрүнүш болмок. Кандай гана салык реформасы же кандай гана өзгөртүүлөр орун албасын, ишкерлерге оордук алып келет. Экинчиден, тилекке каршы, биздин көп ишкерлер өз ишканаларын жаап, Өзбекстанга, Казакстанга, Түркияга, Араб Эмираттарына чыгып кетип жатышат. Анын ичинде менин дагы бир топ тааныштарым Түркияга, АКШ ж.б. жактарга чыгып кетишти. Бул кыргыз мамлекетинде ички инвесторлорго же ишкерлерге чоң тоскоолдук жаралып жаткандыгында. Ишкерлердин четинен кетип жатканы экономикага чоң сокку болууда. Тилекке каршы, “кустуруу”, салык сыгуу ушундай жыйынтыкты алып келип жатат. Ошондуктан, мен белгилеп айтат элем, президент тарабынан кескин, чечкиндүү чечимдер кабыл алынып, өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясатына өзгөртүү киргизүү керек. Анткени бир жагынан “кустуруу”, оор салыктар, бизнести “жулуп алуу” –  кыргыз мамлекетиндеги ишкерлердин аракеттерине, ишмердүүлүгүнө чоң бөгөт коюуда.

Бекмамат Орозов, экономист:

-- Суроодогу кооптонуу негиздүү деп айта алам. Анткени, өкмөттүн салык- бюджет саясатын жүргүзүү орой мүнөздө болууда. Айтайын дегеним, экономикада “экономикалык дипломатия” деген түшүнүк бар. Ал салык адистеринин ишкерлер менен иш алып барууда дипломатиялык компетенциясынын төмөндүгүн ачык көрсөтүп турат. Анын жыйынтыгында түшүнбөстүктөр, нааразычылыктар келип чыгууда. 

Албетте, ар бир жаран же ишкер салык төлөп, ошого жараша мамлекеттен колдоо көрүп, иш жасоого аракеттенет. Бирок, иш жүзүндө салык кызматына ишкердин кайрылуусу болгондо, көп өлчөмдө кагаз чогултуп, бюрократияга (кол койдуруу үчүн кеминде 6 кабинеттин алдында кезек күтүү керек) учурап калууда. Мындан улам майда жана орто бизнес ээлери көмүскө экономикага ыктап, чоң бизнестер башка өлкөгө чыгып кетүүлөрү мүмкүн. Ишкерлер жана жалпы эл салык системасында башкача реформаларды күткөн, тактап айтканда, ар бир жаран смартфон же компюьтер аркылуу бир “кнопка” менен төлөгүсү келет.

 Сууроңуздун өзүнө кайта турган болсок, азыркы абалдын келечеги коркунучтуу.  Анткени, чоң бизнес ээлери өлкөдөн чыгып кетип, майда жана орто ишкерлер көмүскө экономикадан чыкпай кала берет. Азырынча “салыктык кирешелер көбөйдү” дегенибиз менен жакынкы жылы көмүскө экономиканын көлөмү (азыркы учурда 50%ды түзсө) дагы да жогорулап кетиши ыктымал. Андыктан, салык- бюджет саясатын заманбап нукка буруу зарыл.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер