Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айпери Рахманбердиева: “Күйөөсү таштап кеткен келин батирибизде көз жарды”

Айпери Рахманбердиева: “Күйөөсү таштап кеткен келин батирибизде көз жарды”

25-июнь, 03:20
2 420 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айпери, көп жылдан бери Россияда жашап, блогер катары тайманбай, курч пикирлериңди да айтып келесиң. Учурда Россияда карантинден кийинки жашоо кандай болууда?

-- Иштеген адамдарга билинбегени менен жумушсуз мекендештерибизге аябай кыйын болду. Орозо айында ишкерлердин демилгеси менен азык-түлүк  таратканбыз. Жардамга өтө муктаж, үй-бүлөсү менен келип алып, баары иштебей жатып калгандар бар экенине күбө болдук. Ошол учурда көпкө дейре телефон чалуулар токтобой турду.

Санкт-Петербург шаарында да активист мекендештерибиз колунда бар мигранттардан акча чогултуп, жардамга муктаждарга көмөктөштүк. Менин уулум да, кызым да өзүбүз менен чогуу болгондуктан, мектептен, бала бакчадан бир айда эки жолудан жардам алып жатабыз. Учурда кызым бекер бала бакчага  барууда.

Баса белгилей кетчү нерсе, кыргыздар батир алып жашайбыз да. Орустар дагы мындай учурда жеңилдиктерди жасап (мисалы, 35 миң батирге төлөсөк, 18 миңге түшүрүп), ал жагынан да жардам беришти. Кээ бир колунда бар мигранттар квартирасында иштебей калган мекендештерди акысыз жашатып, кыргыздар кыйла ынтымактуу, биримдиктүү экенибизди түшүндүк. 

-- Үй-бүлө жагынан аксап, талаада калган кыз-келиндерибиз да жок эмес экен...

-- Ар кандай үй-бүлөлөр кездешип калат. Айрымдардын балдарын караганга акыбалы жок, бар-жоктун ортосунда жашап, балдарына татыктуу тарбия берүү бул жакта турсун, эне мээримин берилип төкпөй, “эптеп эле күн өткөнү эсеп” деп чоңойтуп жатканын көрүп, ал эмес мен тагдырга нааразы болуп кетем...

Жакында бир окуяга аралаштым. Бири эки жаштагы, бири курсагындагы кыздарын атасы “кыздар мага керек эмес! Сага керек болсо бак, болбосо ташта” деп талап койгон. Эне байкуш “өмүр бою жүрөгүм эзилип өтүшүн каалабайм. Аш жесем аш, таш жесем таш жеп чоңойтом” дейт байкуш. Бирок, балада эмне күнөө? “Эгер менин кыздарымды багып, жардам берчүлөр болсо турмушка чыгат элем, кыйналдым” деп мага кайрылды.

-- Жардам берчүлөр чыктыбы?

-- Ал келиндин аябай кыйналганын көрүп, өзүмдүн батириме киргизип алгам. Көз жарарда төрөтканага жетише албай, батирден өзүбүз төрөтүп алдык. Анан “тез жардам” келип, алып кетти. Азыр акыбалы жакшы, кызынын кыркы чыгайын деп калды. Питерде мекендештерге жардам берген агаларыбыз убакыт таап келип, “ал келиндин документтерин тууралап, айына төлөнө турган жөлөк пул чыгарып берем” деп сөз берди. Буюрса, жакшы жагына чечилип жатат. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер