Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саяпкери келишсе күлүгү алдыга чыгат: Талгарбековдун шакирти Ташиев

Саяпкери келишсе күлүгү алдыга чыгат: Талгарбековдун шакирти Ташиев

06-сентябрь, 20:17
1 590 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аскар Акаевдин доорунда Бекболот Талгарбеков Жалал-Абадга губернатор болуп барат. Облустун ишин көтөрүп, майын чыгарганын чечмелебей эле коёлу. Ошол кездерде бензин сатып жүргөн зөөкүр чалыш жигитке каарманыбыздын көзү түшүп калат. “Идиреги бар экен, таман акы маңдай тери менен иштеп жүрөт...” деген таризде кадимки Камчыбек Ташиевди Жалал-Абад облусунун губернатору Бекболот Талгарбеков чакырып, ал-жайын сурайт, экөө аңгемелешет. “Болор бала богунан” дегендей, калыптанып келаткан жаш жигит Камчыке үлгүлүү жактары менен көңүлгө уюп калат. Кыраакы Талгарбеков агездеги мындай көрүнүштү колдоого алат. Кийин өкмөттүн аппаратына Ташиевди кызматка орноштуруп, андан соң Ленин районуна акимдин орун басарлыгына түртөт. Саясый элитага аралашып, мамлекеттик кызматтан тажрыйба топтогон шакирти көп өтпөй Жогорку Кеңештин шайлоосуна аттанып, андан соң саясаттан жылдызы жанып чыга келбедиби! Биз муну менен эмнени айткыбыз келет? Саяпкери келишсе күлүгү алдыга чыгат экен да...

Бирок, соңку убакта Камчыбек Ташиевдин душмандары эбегейсиз көбөйүп, соцтармактардан ар кандай жалаа, каралоо кампанияларын уюштуруп атышканы жашыруун эмес. Эмесе, күрөшүү керек... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер