Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Алиев: “ККМ адилеттүү салык төлөөнү жана ачык-айкындуулукту ишке ашырат”

Бекболот Алиев: “ККМ адилеттүү салык төлөөнү жана ачык-айкындуулукту ишке ашырат”

03-январь, 16:47
3 649 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары менен маек.

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Жарлык жылдык жүгүртүмү 8 миллион сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошоткон. Жарлыкка ылайык, алар онлайн ККМдерди колдонууга милдетүү. Жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт. Бийлик бул бизнести көмүскөдөн алып чыгуу жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет (!) деген ишеничте. Бирок айрым ишкерлер ККМдин ишке ашышына каршылыктарын билдирип, миттинге да чыгышты. ККМдин шарттары тууралуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Бекболот Алиевге кайрылдык. 

-- Жыл жаңыргандан кийин ишке кире турган ККМ боюнча түрдүү пикирлер айтылып, нааразы тараптар да чыгып, алар үчүн оорчулук жараларын айтып чыгышты?

-- Азыркы күндө жаралып жаткан көзөмөл-кассалык машинанын колдонулушу боюнча суроолорго түшүндүрмө берип кетсем. ККМди колдонуу боюнча мурдатан эле маселе көтөрүлүп келген. Соода жүгүртүүнүн эң негизгилеринин бири болуп эсептелет. Себеби, ККМди колдонуу маданий соода жүгүртүүнүн, кызмат көрсөтүүнүн принциптерине кирет. Бул талаптар мурдатан коюлуп келген. Акыркы жолу 2020-жылдын 24-июнунда өкмөттүн 356-токтому менен салыктын жол-жоболорун фискалдаштырууну киргизүү тууралуу чаралар жөнүндө токтомунда график кайсы кызмат көрсөткөн түйүндөргө кирүү зарылчылыгы бар экендиги бекитилген. Ошол графикке байланыштуу азыркы күнгө чейин 20 кв/метрден ашкан бүткүл соода түйүндөрдүн баары милдеттүү түрдө контролдук кассалык аппараттарды колдонуусу зарыл. Кээ бир социалдык тармактарда ККМди жаңы Салык кодексинин жаңы редакциясына байланыштырып жатышат. Бирок бул туура эмес. Себеби, мен айтып кеткендей, талап мурдатан эле коюлган. Азыркы күндөрү ал талаптарды аткаруунун үстүндө иш жүргүзүп жатабыз. 

Ал эми Салык кодексинин жаңы редакциясында, тескерисинче, ушул талаптарды канчалык деңгээлде жеңил жана ыңгайлуу түрдө аткарууга жаңы нормалар каралган. Ал жерде “8 миллион сомго чейин акча жүгүртүү көлөмү болсо, анда мындай субъектилер ишмердүүлүгүнө байланышкан бүткүл салыктардан бошотулсун” деп белгиленген. Андан кийин президенттин указы да чыкты. Президенттин указы боюнча “8 млн. сомго чейин калкка кызмат көрсөткөн соода түйүндөрүнөн эч кандай салык алынбасын” деп белгиленген. Мен ойлойм, бул туура багыт.

    -- Эмне үчүн ККМди ишке ашыруу керек? Кандай зарылчылыгы бар? 

-- Биринчиден, адилеттүү салык саясатын ишке ашыруу үчүн. 8 миллион сомго чейин акча жүгүртүүң болсо, эч нерсе төлөбөйсүң, андан ашкан болсо тийешелүү түрдө салыктын белгиленген өлчөмүн төлөөнү камсыз кылуу. Экинчиси, соода жүгүртүүнүн бир маданий жолу болот. Соода жүгүрткөн адам менен кардардын ортосундагы мамилени кассалык чек тастыктап турат. Бул ачык-айкындуулукка алып келет. Баардыгын “адилеттүү принципке алып келет” деген биздин инструмент катары сыпаттаса болот. 

Чакан ишкерлерге эч кандай оорчулугу келбейт. Себеби, азыркы күндө 12ден ашык ККМдин түрлөрү бар. Аппараттык жана программалык деп бөлүнөт. 

Салык кызматы параллелдүү түрдө чакан бизнеске жардам көрсөтүү максатында программалык көзөмөл кассалык машинаны иштеп чыккан. Программалык ККМди телефонгобу же компьютергеби, тиркеме катары жүктөп алып, ошону дагы иштетип алса болот. Эч кандай акы алынбайт. Ай сайын абоненттик төлөмү дагы болбойт. Бул чакан бизнеске болгон эң чоң жардам. Эң негизгиси, салык төлөөнү ачык-айкындуулукка алып келүү жана адилеттүү салык төлөөнү ишке ашыруу болуп саналат. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер