Жылдыз Жолдошова: “Коомдогу калыс саясатчы катары элге таанымал болдум”


-- Жылдыз айым, саясат айдыңынан көрүнбөй кеттиңиз?
-- Биринчиден, мен саясатчы болгон соң саясат айдыңынан алыс кете албайм. Эң ириде Кыргызстанда, андан кийин дүйнөдө эмне болуп атканын, кай жерде согуш, кай жерде экономикалык өсүш, же ачарчылык, ж.б. жаңылыктар менен ар дайым кабардармын. Болбоду дегенде, күнүнө 7-8 жолу интернет айдыңына кирип турам. Ал эми Фейсбуктун жанын сууруп алам. Экинчиден, коомдо калыс саясатчы катары элге таанымал болгонум ырас. Ошондуктан, орчундуу маселелерде өз пикиримди ФБдагы баракчама билдирип туруу мен үчүн кадыресе көрүнүш десем жаңылбасам керек. Журналисттер маектешүүгө чакырса, ар дайым убакыт бөлгөнгө аракетим бар. Албетте, кээ бир учуларды эске албаганда.
-- Учурда эмне менен алексиз?
-- Ар түрдүү маселелер... кайсы бирин айтайын? Жаным бир жерде жай албайт, активдүү инсан дайыма көңүлүнө жаккан жумушту табат тура. Ооба, көңүлүмө жаккан жумуштар өтө эле көп, кээде кайсы бирине убакыт сарпташымды билбей калам, баары кычап кетет. Жашоо өзү керемет, негизи кандай учур болбосун жашоону сүйүш керек.
-- Оппозициялык маанайдагы саясатчылар биригип атышат, арасында сиз көрүнбөйсүз?
-- Суке, мени билесиң, учурда ыйык орозо айы. Ар бирибиз бул айдын ыйыктыгын баалайлы. Колдон келсе бири-бирибизге болгон таарынычты кечиришип, агаралы, тазаралы, жаман нерседен оолак бололу. Жакшы иштерге көңүлүбүздү буруп, кубаттайлы жана өзүбүз да жакшы иштерге умтулалы.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











