Акыркы кабарлар
» Саясат » Генерал Өмүрбек Суваналиев жакында “агынан жарылат”
Генерал Өмүрбек Суваналиев жакында “агынан жарылат”
05-апрель, 20:35
810 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Кемпирабадчылардан” сырткары эркиндикте жүргөн саясатчыларды алсак, бирөө да эки доско каш кайтарып, сын-пикир айта алышпайт. Баары чүнчүп калышты. Жалгыз гана генерал Өмүрбек Суваналиев көкжалдыгына салып, өзүнүн тайманбаган багытынан, ачык сөзүнөн тайбай келет. Жакында кайым айтышуу кызыганы турат. Бизге жеткен маалыматтан алсак, Суваналиев “Жыгач генерал” кандай болорун түшүндүрүп, Баткенде кимдер шалаакылык кылганын айтып, ырааттуу тизмектеп, “агынан жарылганы” калыптыр. Саясый майданды көркүнө чыгарат окшойт. Ансыз да “Комиссар Каттаниге” бекер жарнама жасап берип жатышканда, огобетер жылдызы жанса керек.
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити