Акыркы кабарлар
» Коом » Депутаттыкка талапкер болууну көздөгөндөрдөн 12 арыз түштү
Депутаттыкка талапкер болууну көздөгөндөрдөн 12 арыз түштү
20-сентябрь, 12:26

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендер Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызын тапшырууда.
20-сентябрга карата, Боршайком билдиргендей, өзүн өзү көрсөткөндөр 12 болду. Алар: Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Атамша Дурсунов, Санжар Ибраимов, Анаш Сейтказиев, Нурлан Танабаев, Байыш Курманов, Айбек Алтынбеков, Актилек Нурланбеков, Абдижалил Насиров, Канат Исаев жана Бакыт Төлөгөнов.
Шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.
Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.