Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арстан КАДЫРОВ, айыл чарба боюнча эксперт: “Чодуевде жаңы көз караш жок, эски бюрократтардын жолуна түшүп алды”

Арстан КАДЫРОВ, айыл чарба боюнча эксперт: “Чодуевде жаңы көз караш жок, эски бюрократтардын жолуна түшүп алды”

25-октябрь, 19:07
441 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев боюнча нааразылыктар, терс пикирлер айтылып жатат. Бул тармактагы эксперт катары кандай пикирдесиз?

-- Учурда министрликте чыны менен иш болгон жок. Айыл чарба боюнча мыкты эксперт Бакыт Мамыткановдун министр боюнча сын кептерин мен дагы уккам. Эксперттер чогулуп кеңешкенбиз. Улуттук долбоор катары 200 млн. долларга Орусия, Беларусь менен кызматташып, абердин ангус породасындагы уйларды алып келип иштетебиз (!) деген реалдуу долбоор болчу. Андан сырткары, дүйнөлүк банк аркылуу 10 млн. доллар менен региондорду өнүктүрүү долбоору да мыкты эле. Бул долбоорлор жүзөгө ашса, экспортко да чоң салым болмок. Эксперттер, өкмөт мүчөлөрү, ишкерлер жактырган жакшы долбоорду ишке ашыра албады. Негизи айыл чарба министри ошондой чоң долбоорлор менен иш алып барып, кыска мөөнөттө элге пайдалуу, жакшы таасир бере турган иштер менен алек болушу керек. Азыркы министрге окшоп кагазга көмүлүп, майда-чүйдө менен алектене берүүдөн жыйынтык чыкпайт. Кагаздардын ишин катардагы кызматкерлер эле аткарып койсо болот. 

-- Жашылча-жемиштерди экспорттоодо ЕАЭБ менен кызматташууда жылыштар болуп жатабы?

-- Эч кандай жылыш жок. “Кошой”, “Кайыңды” кант заводдору оор абалга тушукканын көрүп жатасыздар. Биздикилер тоскоолдук бербей, Орусиядан кумшекер арзан баада келип жатат. Биздин заводдор аларга атаандаш боло албай, ички рыноктун коргоочусу жок болуп, бир чоң тармак талкаланууда. Эгерде заводдор жабылып калса кеминде 50 миңдей дыйкандар жумушсуз калат. Ал эл жашоосуна аябай чоң таасир этет. Биз тышкы миграцияны токтотпой эле күчөтөбүз. Ошого чара көрүп, айыл чарба министрлиги алдын ала стратегиялык иш пландарды иштеп чыгышы керек. Анын бири жасалган жок. 

-- Дыйкандарыбыз жыйган кызылчалары кандай сатылды?

-- Кызылчанын абалы чатак эле болуп жатат. Өткөргөн кызылчанын 23%ын акчалай берип, калган пайызын кант менен беребиз (!) деп жатат. Бул дагы айла жоктун иши да. Эгерде өкмөттөн жалпылашып жардам бербесе, бул заводдор бир-эки жылдын ичинде жабылып калышы мүмкүн. 

-- Министр тууралуу акыркы пикириңиз?

-- Бул киши майда-чүйдөсүнө көңүл буруп, чоң иштерге көз чаптырып иш жүргүзө албайт. Эскиче эле бюрократтардын жолуна түшүп алды. Жаңыча көз караш жок. Идеяга бай лидер, топ-менеджер катары ишти кантип алдыга сүйрөп кетиш керек дегенди билбейт. Алдыны көрө албай, көзү жетпей, эч нерсени оңдой албай жатат.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер