Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Акаев: “Дээрлик 16 жылдан кийин өлкөмө келдим. Абдан сүйүнүп турам...”

Аскар Акаев: “Дээрлик 16 жылдан кийин өлкөмө келдим. Абдан сүйүнүп турам...”

03-август, 11:59
1 739 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдагы президент Аскар Акаев расмий маек берди:

-- Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. 16 жылдан бери Кыргызстанга келе элек болчумун. Мен бир жумага келдим. Чын дилимден Кумтөрдү эмне себептен курганыбызды, кандай каталачылыктарды кетиргенибизди, бир сөз менен айтканда, баарын айтып бердим. Бирок териштирүү иштери улантылат. Бүгүн жаңы эле учуп келдим. Дагы иштер менен таанышуум керек. Өлкө жетекчилигине ыраазымын. Дээрлик 16 жылдан кийин өлкөмө келдим. Абдан сүйүнүп турам... Садыр Жапаровго жолугуп, ага ыраазычылык билдирдим, – деп билдирди Акаев.

Эске сала кетсек, 2-августта Аскар Акаев Кыргызстанга келген. УКМКнын маалыматына караганда, Акаев мурдагы жогорку кызматтагы адамдар менен катар 1992-жылы Кумтөр долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүүдөгү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүүдөгү жана 2003-жылы Камеко компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш жообуна тартылган.

Учурдагы бийлик Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге, Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер