Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адам укуктарын сактап калбасак, өлкө караңгы аңга кулайт...

Адам укуктарын сактап калбасак, өлкө караңгы аңга кулайт...

02-январь, 12:00
292 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөдө бийлик стабилдүү башкаруу үчүн авторитардык режимди жүргүзүп жаткан себебинен Кемпир-Абад суу сактагычын коңшу Өзбекстанга берүүгө макул эместигин билдирген жана ага каршы чыккан оппозиция, жарандык активисттерди өз укуругу менен камакка алып, саясый куугунтук жасалды. Жаңы бийликтин туруктуулугун күчөтүп, 2021-жылдан баштап оппозиция же бийликтин саясатына макул эместигин билдирген активисттерге, же жөнөкөй эле сын пикирлерди ачык айткандарды четинен сүрүп, жазалап баштаган. Ошол жылдан баштап КР Конституциясында жазылган “сөз эркиндиги, ой-пикир үчүн жаза аласыңар” деп бийлик эскертүү белгисин берип жатат. Керек болсо жогорку деңгээлде бийликке өз оюн оппонент катары сындачуларга кодулоо жана коркутуу сөздөр пайда болгонуна көпчүлүк күбө. Ошентип Кыргыз Республикасы демократия жолундан тайып, катуу авторитардык башкарууга баратабыз (The Democracy Index: 2021-жылы КР 107-орундан артка, 115-орунга жылдык). 

Кемпир-Абад маселеси боюнча камалган 26 активистти туткундан бошотконго аракет кылсак, анда демократиялык баалуулуктарыбызды сактап калабыз. Ошондуктан өлкөбүздүн баардык саясый күчтөрү жана жарандары биригип, саясый куугунтуктагыларга боштондук талап кылышы керек. Эгерде кыргыз эли демократиянын базалык саясый, жарандык, экономикалык, социалдык негиздерин сактап калса, өнүгүү жолунда болобуз. 

Азыркы учурда жарандардын мейкиндиги начарлап баратат. Бул сөз эркиндиги, ой-пикир укугу, бирикмелердин жана ассоциациялардын эркиндигинин укугу, тынч чогулуштарга, митингдерге чыгуу жана мамлекеттик башкарууга катышуу укуктарын сактап калбаса, өлкө караңгы аңга кулайт. КР Конституциясынын 66-беренесинде “Президент Конституциянын, жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили болуп саналат” деп турат. Ошондуктан Садыр Жапаров абактагы саясатчы, активисттердин баарын тез арада бошотконго болгон аракетин жасаганга милдеттүү. Антпесе, бөрү четинен кыргыз демократиясын акырын билдирбей жеп жатат...


 Алмаз Тажыбай, саясат талдоочу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер