Февраль айында кайрадан митингдер башталабы?
Жашыруун эмес. Учурда баардыгы эле жазды күтүп атышат. Нааразы тараптар арбын. Элдин бөлүнүүсү да байкалып турат. Эмне кылуу керек?
Учурда бейөкмөтчүлөр, Батыштын сценарийи менен иштеген активисттер февралдан тарта кайрадан митингдерди өткөрүү боюнча акылдашып, бир чечимге келе албай жатышканы кабарланууда. Бу саам койташтыктарды да катарга тартуу, өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүү, элдин назарын буруу машакаттары менен баш оорутушууда. Албетте, мунун өзү тышкы күчтөр аралашкан саясый оюндар экени, мындай шартта бийлик туруктуулук үчүн алдын ала күрөшүүгө кадам ташташы шарт. Аныгында, мыйзамдуу акциялар, сөз эркиндиги болушу зарыл. Демократияны өнүктүрүп аткан өлкө катары артка кетпей, ачык коомду, негиздүү сын-пикирлерди уга билген трибунаны жоготпойлу. Ошого катар карапайым элибизди чоочун күчтөрдүн куралы кылып алуудан да сактанышыбыз абзел. Анүчүн алдын ала түшүндүрүү иштери менен акылмандык жолдун үлгүсүн таба алсак...
"Азия Ньюс" гезити