Орусия Кытайдын цитрус жемиштерине тыюу салды, а биздечи?
2020-жылдын 6-январынан баштап Кытайдан Орусияга цитрус жемиштерин алып кирүүгө тыюу салынды. Бул продукцияларда карантиндик зыяндуу организмдер табылгандан улам, “Россельхознадзор” аларды Орусияга киргизүүнү токтотуп турууну чечкен. Мындай чечим аталган ведомство менен Кытайдын башкы бажы башкармалыгы менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2019-жылдын 30-декабрында кабыл алынган.
“Россельхознадзор” орус тарап талап кылгандарга кытай тарап чара көргөн менен ал өз натыйжасын бербегенин белгилейт. Себеби, кытай тараптан экспорттолгон мандариндерден дагы деле коркунучтуу карантиндик организмдер табылып жатканын билдирген.
“Россельхознадзордун” маалыматы боюнча, 2019-жылдын 11 айында Кытайдан Орусияга 240,6 миң тонна жемиш, анын ичинде 151,2 миң тонна цитрус жемиштери кирген.
Aryba.kg