Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темир Сариев: “2009-жылы Акылбек Жапаров Кумтөрдүн кендирин кесип, эл аралык статус берип койгон”

Темир Сариев: “2009-жылы Акылбек Жапаров Кумтөрдүн кендирин кесип, эл аралык статус берип койгон”

20-май, 22:32
2 023 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Темир мырза, Кумтөр чыры кайрадан көтөрүлдү. Бул боюнча сиздин дарегиңизге да кайсы бир дооматтар коюлууда...

-- 2012-жылы Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия түзүүдө өкмөткө тапшырма берилген. Анда Өмүрбек Бабанов премьер-министр эле. “Комиссиянын башына Темир Аргембаевич, сиз туруп бериңиз. Кадыр-барктуу, буга чейин да абдан конструктивдүү ойлоруңузду айтып келгенсиз” деп мени ынандырган. Бул комиссияга ар бир фракциядан экиден депутат, өкмөт мүчөлөрү, президенттин аппаратынан жана көз карандысыз эксперттер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн Нарын жана Ысык-Көл губернаторлору кирип, регламент түзүлүп, аны бекитип, үч топко бөлдүк. Биринчиси – юридикалык маселелерди кароо боюнча, башында Алмамбет Шыкмаматов. Экинчиси – социалдык-экономикалык маселелерди кароо боюнча, башында Мирлан Байгончоков. Үчүнчүсү – экологиялык-техникалык, коопсуздук маселелери деп, башында Осмонбек Артыкбаев болгон. Баардыгы ушул үч топко кирип, алар өз багыттары боюнча текшерип чыгышкан. Кандай жыйынтык жазып келсе, биз ошолорду өзгөртпөй туруп чыгарганбыз. 

-- Комиссиянын ишине эл аралык компаниялар катышты беле?

-- Эл аралык лабораторияларды чакырганбыз, салабаттуу жана ишеничтүү болсун деп. Ошонун ичинде Словениядан, Германиядан эки лаборатория келген. Андан кийин “Анэк” деген экологиялык фирма чакырылып, алар өздөрүнүн иштерин кылып, көп нерселерди жазып беришти. 

-- Сөзүңүзгө аралжы, Динара Кутманова “6,7 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө айып салсак, комиссиянын төрагасы Темир Сариев “ой, бул өтө чоң сумма, “Центерра Голд” муну төлөй албайт, азайталы” деген” деп айтты...

-- Кутманова айтып аткан маселе, албетте, калп. Анткени, Кутманова комиссиянын мүчөсү эмес болчу. Болгону экология маселеси боюнча жумушчу топко кирген. Көз карандысыз эколог деп чакырышкан. Ал өзүнүн методикасы менен 5 миллиард долларды санап келиптир. Аны Артыкбаевдин тобу карап чыгып, “сен кайсы методология менен эсептеп, санадың эле? Далилдеп берчи?” десе Кутманова далилдеп бере албай койгондон кийин, ал сандарды комиссиянын корутундусуна киргизишкен эмес. 

-- Комиссиянын функциясында айып салууга укуктары барбы?

-- Мамлекеттик болобу, депутаттык же өкмөттүк комиссия болобу, алардын функциясында сумманы аныктоо же доого коюу (!) деген жобосунда жок. Доону коюуга атайын мамлекеттик мекемелер бар. Анын ичинде жаратылышты коргоо агенттиги же болбосо экологиялык-техникалык инспекция иштейт. Булар мамлекеттин функциясына кирет. Биздин комиссияга ошол убакта жаратылышты коргоо агенттиги комиссиянын тапшырмасы менен барып, карап чыгып, санап, мамлекетке келтирип аткан зыяндарды жазып беришкен. Алардын санагы боюнча 7 млрд. сомдон бир аз ашыгыраак болду. Сотко ошолор беришкен. Бүгүн дагы Акылбек Жапаровдун комиссиясы “5 млрд. доллар карыз” деп атат. Эми муну да комиссия бере албайт. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар бериш керек. Жапаров да, Кутманова да аягына чейин түшүнбөй, атайын 2009-жылкы келишимди аттап өтүп, аны айтпай, анан “2012-жылкы Сариев текшерген комиссиянын жыйынтыгын кийин премьер-министр болгондо өндүрүп алган эмес” деп айтып атат. Кутманова дагы калпты айтып атат. Бизде ар бир жыйындын протоколдору бар. Баардыгы ачык, тасмалары менен турат. Аларды көрсө болот.

-- 2009-жылкы келишимдин азыркы кырдаалга тийешеси барбы? 

-- Кумтөр боюнча кендирибизди кескен, колу-бутубузду тушап койгон бул 2009-жылкы келишим. Анткени, бу жылы өкмөт менен “Центерранын” ортосундагы келишимге “Буга чейинки баардык мыйзам бузуулар, доолор, айыптар, даттануулардын баары жоюлду. Экинчи Кыргызстандын доосу жок. Кыргызстан мурунку мыйзам бузууларга, айыптарга доо бере албайт. Ал эми кийинки доолордун баарын эл аралык арбитражга гана бере аласыңар. Өкмөт “Центерраны” коргойт” деп жазып койгон. Буга Акылбек Жапаровдун түздөн-түз салымы болгон. 

-- Эмне үчүн?

-- Анткени, ал ошол убакта экономика министри, кийин вице-премьер-министр болуп турган. Ошол убактагы өкмөттүн катасы – келишимди апкелип парламентке ратификациялап, эл аралык статус берип коюшкан. Ал эми эл аралык келишим биздин мыйзамдардан, Конституциядан да өйдө турат. Муну Акылбек Жапаров айткан жок. Айтыш керек болчу. Бүгүнкү күндө “Центерра” бизди коркутуп, “соттошобуз, эл аралык арбитражга барабыз” дейт. Келишим боюнча биздин сотторду алар тааныбайт. Анткени, эл аралык арбитражда биздин келишимдерди алпарат да, а жерде көргөзөт. Себеби, кыргыз өкмөтү эл аралык келишимдин статусун берип туруп, Конституциялык соттун чечимин бекитип берип койгон, “экинчи даттанууга жатпайт” деп.     


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер