Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мени сабаган күндөрү көп болсо да, негедир биринчи күйөөмдү сагына берем

Мени сабаган күндөрү көп болсо да, негедир биринчи күйөөмдү сагына берем

31-январь, 09:00
1 987 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Жакшы аялдан эркек кетпейт”, анан да ошол эле сөздүн тескериси “жакшы эркектен аял кетпейт” дейт. Негизи кайсынысы туура?

Күйөөм экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз. Мен биринчи күйөөм менен келишпестиктен, анан кол көтөргөнүнөн улам кеткем. Бирок биринчи күйөөм үйлөнгөн жок, “башканын кереги жок, сендей аял таппайм” дей берчү. Азыркы күйөөм аялын жактырбай таштап кеткен. Анан экөөбүз уруша кеткенде сөз талашып калабыз. Мен “жакшы аялдан эч качан эркек кетпейт” дейм. Ал “жакшы эркектен аял кетпейт” дейт. Бирок баары бир экинчи турмуш алгачкы махабатка жетпейт экен... Азыркы жолдошум өтө эле майда адам. Эркек сыягы жок. Ал эми биринчи күйөөмдүн уруп, сабап койгон күндөрү көп болсо да, негедир аны сагына берем. Бир айтканы айткан эле. Көкбеттенем деп таяк жечү экенмин. Убагында жаштык кылыпмын. Негедир ошол күндөргө кайтып баргым келет... 


Нурзада 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер