Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баңгизат чуулганы: Чүй ОИИБ начальниги Д.Исаков менен орун басары И.Базаркулов кетсин!

Баңгизат чуулганы: Чүй ОИИБ начальниги Д.Исаков менен орун басары И.Базаркулов кетсин!

25-август, 23:12
931 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

20-майда ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери кытай жаранын “подстава” кылышканы каңкууланган. Наркотик менен кармашып, 5 миң доллар алып коюшуп, ошондон ички былыктар ырбадыбы? Опузага кабылган “айыпталуучу” УКМКга арыз жазып, баардык билгенин шардана кылса керек. Сырлар ачылды. Иликтөө иштеринин натыйжасында милициянын 8 кызматкери кармалып, калгандары качып кетишкен. 

“Кой терисин жамынган карышкырлардын” беттери ачылгандан кийин Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев менен орун басары Кылыч Жолдошов ээлеген кызматтарынан кол жуушту. Туура чечим болду. Кол алдындагы оперлери баңгизат аркылуу акча жасашып, ыпластыкка батып кетишкен да. Натыйжада, кашкайган кылмыштарын УКМК алып чыкты. Маселе муну менен эле бүтүп калбайт.

Камакка алынган “кызыл шапкечендер” Бишкек ШИИБден сырткары Чүй ОИИБге да караштуу. А эмне үчүн Сары Өзөндүн башкы милициясы Дамирбек Исаков, орун басары Искен Базаркулов жумуштан айдалган жок? Калыстык болбой калды. Булар дагы кызматтык жоопкерчиликке тартылып, жаза алышы керек эле. Туурабы? Жалаң эле Бишкек ШИИБнин эмес, Чүй ОИИБнин кызматкерлери “сериясы” менен колго түшүп атпайбы! 

Кызык, Д.Исаков “ачыбаган камырдай” болуп, аталган орунга келгени иштей албай, өздүк курамды артка тартып, мукурап калды. Өткөн коллегияда сөгүш алган. Болбой эле көлдүк авалар кармап отурушабы? “Кашаң” кадрды кастарлашып... Ал эми орун басары И.Базаркуловдун артында “калбыры” көп. Бул эргул Биринчи Май РИИБде оперзам кезинде шалаакылып жасап, тийешелүү милдетин убагында аткарбай, Айзаданын өлүмүнө шарт түзгөн. Бирөөнүн чырактай кызы канкор тарабынан уурдалып, өлтүрүлүп атса, агездеги Бишкек ШИИБ начальниги Бакыт Матмусаев ж.б. жетекчилери кайдыгерлик кылышканы ачыкталган. Ошолордун арасында И.Базаркулов да айыпталып, жумуштан тебилген эле. Бирок убакыттын өтүшү менен кайрадан ээрге эрмешип, милицияны артка тартып келатат. Көрсө, колдогон кожосу ИИМдин орун басары Адылбек Бийбосунов экен.

Кыскасы, “эшегине жараша тушагы” дейт. Чүй ОИИБ жетекчилигинен Д.Исаков менен И.Базаркулов токтоосуз түрдө кетиши керек! Соңку шалаакылыктары менен погонду булгагандай ишарат жасашты. Мыйзамдык, моралдык да укуктары калган жок! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер