Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынбек СУЛАЙМАНОВ, “Бир Бол” фракциясынын лидери: “Бир Бол” партиясы парламенттик шайлоого өз алдынча аттанат”

Алтынбек СУЛАЙМАНОВ, “Бир Бол” фракциясынын лидери: “Бир Бол” партиясы парламенттик шайлоого өз алдынча аттанат”

01-октябрь, 14:23
882 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алтынбек мырза, аз күн мурда “Кыргызстан” партиясынын съезди болуп өттү. Азырынча бул саясый топко коомчулуктун назары бурулууда.  Сиздин көз карашыңыз кандай?

-- “Кыргызстан” партиясы түптөлгөндөн бери алардын лидерлери менен түз көз караштамын. Керек болсо тилектеш да болуп, саясатта чогуу келатабыз. Негизинен “Кыргызстан” партиясына ниетим түз. Элге кызмат кыла турган мекенчил жигиттер бар...

-- Эмдиги жылкы парламенттик шайлоодо “Бир Бол” партиясынын шансы жок экенин божомол кылгандар болууда. Күчүңүз жетеби?

-- Азырынча өзүбүзгө ишеним күч. Эч кандай саясый топтор менен кошулууну сүйлөшө элекпиз. 

-- Учурдагы фракцияңыздагы депутаттар менен кайра шайлоодо утуп келүүгө ишенип атасызбы?

-- Биз фракциядагы депутаттар менен гана чектелбейбиз. Артыбызда өсүп келе жаткан жаш муундарга жана элибизге таянабыз. 

-- Сиз “Ата Мекен” партиясы менен биригип кетпейсизби? Себеби, Өмүрбек Текебаевге мамилеңиз жакшы экенин байкайм...

-- Жо-ок. Азырынча андай биригүүлөр планда жок. Өмүрбек Чиркешовичти саясатчы катары баалайм. Үлгү алабыз... Бирок, “Бир Бол” партиясы парламенттик шайлоодо өз алдынча аттанат...


Асланбек САРТБАЕВ

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер