Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » КР эл артисти Келдибек Ниязовдун президент Садыр Жапаровго кайрылуусу

КР эл артисти Келдибек Ниязовдун президент Садыр Жапаровго кайрылуусу

07-февраль, 19:30
657 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Садыр Нургожоевич, үч жылдыгыңызда көптөгөн жакшы иштерди жасап жатасыз, анын ичинде кыргыз спортуна, өзгөчө футболго. Өзүңүз дагы үлгү көрсөтүп, жогорку деңгээлде ойноп жүрөсүз. Биздин топ тепкичтерди Катар өлкөсүнө, Азия кубогуна аттап-тондоп узаттыңыз эле, бирок алар сиздин жана кыргыз элинин ишеничин актаганга чабалдык кылып коюшту. “Ак шумкарлар” канаттарын кайрып алып кайтып турган чагы. Арга кеткенде акын жездеңиз Байдылда акенин ыр саптары эске келди:

Жаштарыбыз бар нечен, /Эми сизге эмне десем... /Арманым толук айталбай, /Ичимден бук болуп кетем. Армяндын футболисттери бар: Абрамян, Айрапетян, Азарян, Мартиросян, Месропян, Казарян, Багдасарян, Минасян, Миросян, Орапетян, Огонесян, Иштоян. /Байкап, окуп көрсөңүз, /Бардыгы бүт эле «ЯН». /А кыргыздан качан чыгат: Абылов, Адылов, Садыров, Кадыров, Кабылов, Жайылов, Эшимов, Чекилов, Чекиров, Осмонов, Ормонов, Чормонов?.. /Эми түшүнөрсүз калганын... /Түгөнүп баратат сизге айткан арманым. /Калганы сизден урматтуу Садыр Нургожоевич!


Урматым менен Келдибек Ниязов   
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер