Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаровду түз жолдон бургандар кимдер?

Садыр Жапаровду түз жолдон бургандар кимдер?

19-ноябрь, 19:53
1 198 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы бийликтин зордугу токтобой калды. Алгач эле “сөзсүз мен премьер болушум керек деп айтып чыгышты. “Достук” мейманканасына депутаттарды топтошту. Кайсы бир смотрящийлер аркылуу топтогонун депутаттар өздөрү айтып чыгышты. Анысы жарабай калып, дагы эки жолу депутаттар кайра чогулуп атышып, аягында бекитишти, макул болушту талабына. Ошо менен тынабы (?) десек, “президент кетсин, кетмейинче болбойт” дешти. Ортого Путин баш болуп, элдин баары түшүштү. Жок, сөзгө келишпеди. Аягында Сокени коркутушуп, догурунуп атышып, согуш, өрт менен тап беришип... Иши кылса кетиришти. Мына эми мыйзам менен жашап калабыз деген бийликтин жакшы сөздөрүнө сүйүнүп, ишенген эл эки күндөн кийин кайра таңгалды. Көрсө, жек көрүнгөн “чимкириктердин” депутаттыгы дагы алты айга созулмак болуп, парламенттик шайлоо жайкыга жылдырылды. Эмнеге? Ошого! Анысына деле макул болду эл. Ортодогу түшүнүксүз кадрдык дайындоолорду, “кредитиңердин баарын жабам” деген популизмди же беш миң долларлык кийим-кечелерди айтпай эле коёлу...  

Элибиз үмүттөндү! Эми кечээ күнү жөн эле жерден дагы бир зордугун көргөздү бийлик. Жогорку Кеңеш депутаттарынын “колдорун кайрышып”, тез арада Акүйдүн аңырайган жетинчи кабатына бирден чакыртышып, кайсы бир белгисиз   документтерге кол койдуртуп алышты. А байкуш чала сабат саткындар өздөрү деле билишпейт, эмнесине кол коюп бергендерин. Көрсө, кайсы бир Конституциянын жаңы долбоорун 10-январда шайлоо менен бир өтчү референдумга коюшат экен. “Супер президенттик мамлекетти кайра алып келишет тура. Анысына деле макул болуп бермек эл. Эмне үчүн, жок эле дегенде эки-үч күн коомдук пикирди даярдап, депутаттарга окутуп, аларды кайра өздөрүн демилгелетип, баардык иш-чараларды туура өткөзүп, кайсы бир курултайчыларды деле уюштуруп чогултуп, ал жерден маселени кабыргасынан койдуртуплиберал-демократ беш-алты депутаттын жана он чакты саясый жетекчилердин деле тилин таап, жылуу сөз сүйлөшүп, баштарынан сылашпайт беле? Антишпейт булар! Эмне үчүн саясаттын ордуна баардыгы эле күчкө салуу аркылуу болуп калды? Эми ойлонсоңуздар, “Мекенчил” партиясы деле өткөн шайлоодо мандатка ээ болгон эмес. Керек болсо, Жогорку Кеңештин курамына да кирбей калышкан. Эмнесине эле догурунушат? Азыр ушундай мамиле кылып атышса, эртең шайланып келгенден кийин чоң былыктын ичинен чыгышпайбы? Же бирдемени кыйратып, элди жыргатып коё алыштыбы? Жок, тескерисинче, эки жуманын ичинде тоодой болгон аброюн чачып, жерге төгүп салышты го...

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Бул эмне кылганыңыз? Зордук күчкө сала бергендер жаныңызда кимдер экенин элибиз жакшы билет. Тээтиги 2012-жылдын октябрь айындагы митингди биз күнү бүгүнкүдөй эстейбиз. Сиз таза ниетиңиз менен митинг уюштургансыз да. Анан эле бир заматта жаныңызда турган Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдор “Акүйдү басып алабыз” деп өздөрүн Чыңгызхан элестетип алышып, аягында бир жерлерин дарбазага айрытып алышканын унута элекпиз.

Кеч болуп кала электе, Садыр аба, элибизден алыс кетпеңиз. Жылуу сөз менен иш алып барыңыз. Шашылбаңыз эч! Элди зордобой, кара күчкө салбай, идея менен алдыга карай ээрчитиңиз!


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер