Турат Акимов: “Согуш башталарын күч органдары алдын ала билишкен эмес”


-- “УКМК чек арадан чычкан өтсө да билиши керек” деп айтканыңыз бар. Баткендеги окуяны алдын ала билүүгө мүмкүн беле? Окуяны алдын алсак болот беле?
-- Биздин кыргыздын атайын кызматтары алдын алалмак эмес. Анткени алар скутер тээп, футбол ойноп, парк куруп жүрүшкөн. Ошол кезде “дайынсыз беспилотник учуп чыгып, Аль-Каиданын төрагасы Аймана аль-Завахирини атып түштү” деген маалымат чыккан. Ошондуктан биздикилер чек арабызга кандай куралдар жакындап келатканын, тажик чек арасында кандай кыймыл аракеттер болуп жатканын же элчилер билген эмес, же разведка, күч органдары билген эмес. Ошондуктан биз ушундай оор акыбалга тушугуп калдык.
Согушка элдин балдарындай болуп, бийлик башындагылардын да балдары барсын. Хасбекти тосуп, резиденцияда жүргөн балдардын баары Баткенге барып атышып келсин. Ошондо адилеттүүлүк пайда болот, падышаларда сезимталдуулук жаралат. Болбосо оюн-зооктору улана берет. Анын артынан кечээкидей курмандыктар болот...
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











