Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Сыдыков: “Мамлекеттик саясаттын туруксуздугу ишкерлерди тынчсыздантып, көп акча сыртка чыгып кетүүдө”

Аскар Сыдыков: “Мамлекеттик саясаттын туруксуздугу ишкерлерди тынчсыздантып, көп акча сыртка чыгып кетүүдө”

14-июль, 19:16
314 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору менен маек.

-- Бизнес чөйрөсүндө туруктуулуктун болбогону, ири суммадагы миллиондордун сыртка чыгарылып кетиши эмнени билдирет? (Май айында эле 85,5 миллион доллар Кыргызстандан тышка которулган).  

-- Ооба, азыркы учурда ишкерлерге байланыштуу мамлекеттик чечимдердин туруксуздугунан, ар кандай саясаттын чыккандыгынан, көп каражаты барлар кооптонуп, тынчсызданып, инвестицияларын токтотуп, же сыртка чыгарып кетишүүдө. Ийгиликтүү иштегендер да бар. Бирок, ишкерлер “эмки айда кандай болор экен? Ушул мыйзам кабыл алынабы, бул мыйзам кабыл алынбайбы?..” деп көп жактан тынчсыздануулар менен жүрүшөт. Ал тынчсызданууларын бизге дагы айтышат. Тилекке каршы, көп жактан мамлекеттик саясат жана бийликтин кийлигишүүсү бизге багытталган.

Ошол эле тоо-кен тармагында, андан сырткары, башка жактарда дагы ККМдерди алып келүүдө көп суроолор жаралып келет. Башка жактан да көрүп жатабыз, мамлекеттик чыгашалар өсүүдө. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик чыгашалар колдон келишинче кыскарып, болгон күч, дээрлик мүмкүнчүлүктөр бизнесте жеке секторго берилсе, бизде тескерисинче, жалпы чыгашалар чоңоюп, баардыгын мамлекет өзү кылчудай болуп калып жатат. Анда жеке сектордун эмне кереги бар? Бул тармак мындай мамлекеттик капитализм экономикасында чоңоё албайт. А дүйнөлүк тажрыйбада анык, практика көрсөтүп турат. Андай саясат, мыйзамдар экономиканын өсүшүнө жеке сектордун көбөйүшүнө алып келбей турган абал. Кыскасы ушундай.

-- Көмүскөдөн криминалдык элементтердин кысымы күчөгөнү ыраспы? Бийлик ишкерлерди коргоого алуудабы?

-- Криминал боюнча бизде маалымат жетиштүү эмес, бирок биз мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын абалын дагы көрүп жатабыз. Көп деле өзгөрүүлөр болгон жок. Ошондуктан “коомчулук, анын ичинде ишкерлер дагы толук кандуу коргоого алынган” деген кепилдик жок. 

Сот бийлигине да ишеним жогору эмес. Ошол бойдон калууда. Укук коргоо органдары менен соттор ар бир жаран, анын ичинде ишкерлер үчүн бирден-бир негизги шарт, таяныч болуп саналат.

Дагы бир айта турган нерсе, мамлекет, өкмөт тарабынан шашылыш түрдө кабыл алынган чечимдер көп болууда. Бүгүн бир чечим, эртең башка чечим... Кээ бир учурда бири-бирине каршы келген чечимдер кабыл алынууда. Кадр алмаштырууда да мамлкеттик кызматкерлер тез которулуп, бул дагы бизнестеги туруксуздукка таасирин тийгизет. Бизнес мыйзамдардын, башка чечимдердин туруктуулугуна кепил болушу керек да. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер