Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көп аял алуунун кесепетин түшүндүргөн өнөктүк башталды

Көп аял алуунун кесепетин түшүндүргөн өнөктүк башталды

01-июнь, 21:11
1 435 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1-июнда Кыргызстанда эки же андан көп аял алуунун кесепеттерин жана мыйзамдык жоопкерчиликтерин түшүндүргөн маалымат өнөктүгү башталды. Евробиримдик менен БУУнун “Теңдик нуру” биргелешкен демилгесинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоор алкагында интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу маалымат таркатылат.

Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чаранын негизги максаты – өткөн жыл соңунда ишке кирген Кылмыш-жаза кодексиндеги аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка байланыштуу өзгөрүүлөр боюнча коомчулукка маалымат берүү.

Укук коргоочулар көп аялдуулукта аялдын, балдардын укуктары бузулуп, бул көрүнүш аларды коом алдында моралдык, психологиялык жактан чүнчүтөрүн белгилеп жүрүшөт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер