Акыркы кабарлар
» Коом » Жалпы 79 дарыгер коронавирус болуп катталды, эми кимдер иштейт?
Жалпы 79 дарыгер коронавирус болуп катталды, эми кимдер иштейт?
13-апрель, 15:01

13-апрелге карата соңку бир суткада Кыргызстанда COVID-19 дагы 16 медицина кызматкеринен табылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, 16 кызматкердин тогузу Бишкекте, төртөө Ош облусунда, экөө Ош шаарында, бирөө Баткенде.
Ошентип, илдет жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 79га жетти. Алардын арасында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана санитарлар бар экенин саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлаган.
13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 419 адамдан табылды, алардын бешөө каза тапты, 67 киши айыгып чыкты.