Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолдошевден мылтык алган Түмөнбаев өзбектерди “саап” турабы?

Жолдошевден мылтык алган Түмөнбаев өзбектерди “саап” турабы?

28-июнь, 18:40
1 212 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн аптада ЖК депутаты Акылбек Түмөнбаев журналист Ыдырыс Исаковдун окуясы боюнча ой бөлүшүп, “үйүңө келсе атып салсаң да болот” дейт. Маңыроо чалыштанбаса куудул окшойт. Кызык. Маселенин төркүнүн түшүнбөй эле оройлонуп, байлыгына чиренүү менен манчыркап жатканын карачы? Бул эмнеге курал менен коркутуп сүйлөп калган десе, Бишкек ШИИБ орун басары Кылыч Жолдошев мылтык белек кылганы каңкууланды. Ошого корстон боло дердейген кербезиби? Экинчи жагынан президенттин кудасы катары мурдун көтөрүп жүрбөйбү...

Мындан сырткары, Оштогу “Аксарай” курулуш компаниясына Акылбек Түмөнбаевдин “крыша” болуп, мамлекеттик курулуш, архитектура, мэрия ж.б. тармактардан көйгөй жаралса бүтүрүп турабы? Ортодон өзбектерди “саап” берип турган Кылыч Жолдошевби? Булар өз кызматтары менен алектенбей эле кайсы жерден акча чыкса, ошол жактарга башын тыгышып, майкандап жатышкан чактарыбы? Олуттуу суроолор жаралат. Тагдырдын эрке балдарына эч кимдин алы жетпегени ушулбу? Заман оошот, кандай тайраңдашса, акыры көп нерсеге жооп бере турган да учур келсе керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер