Бекмамат Орозов, эксперт: “Чындыгында колубузга тийген каражат менен гана жашоо шартты аныктайбыз”

Улуттук статистика комитети 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы маалыматка ылайык, өлкө боюнча орточо айлык акы 39 миң сомду түзгөнүн жарыялаган эле. Экономика боюнча эксперт Бекмамат Орозов бул көрсөткүчтү талдап, төмөнкүдөй пикирин билдирди.
-- Статком улам жаңыртуу менен эмгек акылар жогорулаганын жарыялап келет. Бирок инфляциянын деңгээли андан эки эсе көтөрүлүп бараткандай. Бул боюнча пикириңиз?
-- Айлык акынын расмий түрдө өсүшү кубанарлык көрүнүш. Бирок муну менен эле “элдин жашоо шарты жакшырып кетти” деп айтуудан алыс болушубуз керек. Себеби, айлык акылар өсүп жатканы менен инфляциянын деңгээли да жогорулап баратат. Натыйжада, элдин реалдуу сатып алуу мүмкүнчүлүгү мурдагы деңгээлде кала берүүдө.
Мисалы, Бишкек жана Ош сыяктуу ири шаарларда жашаган элдин 90 пайызга жакыны күнүмдүк керектөөлөрүнө: батир, жол кире, азык-түлүк жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн орточо эмгек акыдан көп каражат сарптайт. Андыктан, мындай сумма алар үчүн жашоого жетиштүү деп айтууга болбойт да. Ал эми региондордо, айрыкча айыл жергесинде жашаган эл үчүн бул сумма айрым учурларда салыштырмалуу жетишерлик сезилиши мүмкүн.
Ошондой эле айрым мамлекеттик кызматтарда айлык акылардын көтөрүлгөнү байкалууда. Бул жакшы жышаан болгону менен жалпы элдин жашоо шартына түздөн-түз таасир берди деп айтуу кыйын. Айрыкча базардагы баалардын өсүшү, коммуналдык төлөмдөрдүн кымбатташы, бензин жана газдын баалары да киреше менен чыгашанын ортосундагы тең салмакты бузууда.
Менимче, статком элдин жашоо деңгээли тууралуу билдирүү жасоодо салыктык жана башка кармалуучу төлөмдөрдөн кийинки реалдуу айлыкты жарыялап турса, бул коомчулукта түшүнүктүү жана так маалымат катары кабыл алынмак. Анткени, калк өзүнүн чыныгы колуна тийген каражат менен гана жашоо шартын аныктайт.
"Азия Ньюс" гезити