Акыркы кабарлар
» Саясат » Райым Матраимовдун тажрыйбасына кайсы өлкөлөр кызыгууда?
Райым Матраимовдун тажрыйбасына кайсы өлкөлөр кызыгууда?
22-октябрь, 12:31
![](/templates/aryba_kg/images/views.png)
Душмандар да Райым Матраимовдун кризис-менеджер экенин таанышып, баштагыдай бакылдай алышпай, жамандагандары суу кечпей, акыйкат акыры кашкайып чыгууда. Аныгында, каарманыбыздын адамдарга жакшылык жасаган, мамлекетке жардамын аябаган жактарына ынанганбыз. Учурда ал убактылуу эс алып жүргөн чагы. Кызыгы, соңку маалыматтар боюнча алганда, жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн Райым Матраимовго сунуштар түшүп атканы, тажрыйбасын пайдалануу менен ири долбоорлор алкагында иштешүүгө демилгелер көтөрүлгөнүн кандай дейсиңер? “Колдо бар алтындын баркы жок” дейт эмеспи. Өзүбүздүн тыңчыкма уулубуздун профессионалдыгын үйрөнүп, качан алкап алабыз? Кудайдын көзү түз болгой эле. Жаратмандык иштери али алдыда.
"Азия Ньюс" гезити