“Спикердин “тарата-ам, чымчык чочуп учуп кетти” деп тантырактаганы өтө осолдук”

-- Гимнди, гербди өзгөртүүнүн кандай зарылчылыктары бар? Мамлекеттик символдорду жаңыртуунун маңызына токтоло кетсеңиз?
Канышай Мамыркулова, журналист:
-- “Орок оро албаган орок тандайт” деген ушул. Өнүгүп-өсүүгө гимн тоскоолдук жаратышы мүмкүн эмес. Француздар эки кылымдан бери “Марсельезаны” ырдап, алдыга озуп, жер үстүнөн жок болбой эле жашап келе жатышат. Ашкере ырымчылдыктын эмне кереги бар? Баарынан дагы кейиштүүсү – эл аралык коомчулукта спикер өзү “тарата-ам, чымчык чочуп учуп кетти” деп тантырактап отурганы өтө осолдук. Көрүнүп тургандай, спикер президенттин ишараты жок оозун ачмак эмес. Желек боюнча маселе дагы так ушундай жол менен башталган. Президент курултайдагы бир ууч элдин макулдугун алган, ошону менен шиш туу келип чыкты. Мында деле өзүн акын сезгендерге тантыраган саптарды жаздырып, Нурлан Насип обон чыгарса, таңгалыштын кереги жок. Болгону, мамлекеттик деген символдорго сый мамиле, туруктуу түшүнүк (!) дегендердин орду жоголот.
Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:
-- Менин түшүнүгүм боюнча, биз шайлаган президент, Жогорку Кеңештин чечими менен өзгөрүүлөр болуп жатпайбы. Мамлекеттик символдор жалпы атуулдарга, элге таандык. Демек, бул маселени элге сунуштап, алардын пикиринин жыйынтыгы менен эл колдосо өзгөртсүн, колдобосо жайына коюш керек деп ойлойм. Биздин көз алдыбызда көп эле өзгүрүштөрдү көрүп келе жатпайбызбы: автонун номурларын, шопурдун күбөлүгүн, паспортторду, акчанын түсүн ж.б. Демек, алга жылып бараткандайбыз. Калың эл калыстыгын айтса болот эле...
Эмил Үмөталиев, ишкер:
-- Мамлекет өзгөргөндө символдорун алмаштырат. Кыргызстан 1991-жылы Советтер союзунан чыгып, эгемен мамлекет катары таанылганда символдорду алмаштырган. Эми бул жылдары дагы мамлекет өзгөрүп, символдору алмаштырылып жаткандай. Конституция жана мамлекеттин курамы да өзгөрдү. “Биз эми башкабыз” деп таанытышы мүмкүн.
"Азия Ньюс" гезити