Таалайбек Усубалиев, сүрөтчү: “Мен тарткан алты президенттин сүрөтү талкуу жаратып келет”

-- “Ата бейит” аталышындагы алты президенттин сүрөтүн тарттыңыз эле. Бул сүрөт баяны кызыгуу жаратып келет. Өз оозуңуздан уксак...
-- Бул сүрөт көргөзмөгө коюлгандан баштап катуу талкууда жүрөт. Ар кимиси өз оюн жазып, кээ бири жактырса, кээ бири туура эмес көрүп жатышат. Мен автор катары айткан элем, дагы бир жолу айткым келет, бул чыгарманы жакшы ой-тилек менен жараткам. "Ынтымак бар жерде ырыс бар" дегендей, баары биригип мамлекетке кызмат кылышы керек. Бизде башка жол жок. Эгер кайра эле бирин-бири жамандап тытышып жүрө беришсе, анда араң өсүп келе жаткан мамлекетибизди талкалап алабыз. Ал эми “эмне үчүн "Ата-Бейит"?” деген суроого жооп эң эле оңой: ал жерде кыргыз жерине, элине чоң кызмат кылган адамдар жатат, биздин азыркы жана мурдагы президенттер аларды унутпай, тескерисинче, ошолордой болууга аракет кылышы зарыл!