Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Олимпиада оюндарында шакабада калып, кыжыр келтирген Галина Байтерек

Олимпиада оюндарында шакабада калып, кыжыр келтирген Галина Байтерек

05-август, 19:18
3 163 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ии-и, ка-андайсыңар?” деп Галина Байтерек Токио олимпиадасына катышып аткан спортсмендерге мыскылдай сүйлөп, орунсуз пикир алмашып, видеого тартуу менен манчыркап атты. Кыргыз балбандарынын күрөшү учурунда ордунан тура калып бийлеп, секирип, “өнөрүн” көрсөткөнгө жетишти. 

Президенттик аппараттын кызматкери Галина Байтерек спорттон түшүнүгү жок, жөн гана чардап барып келүү үчүн тизмеге кирип алгандай. Бул боюнча соцтармакта көп сын-пикирлер, какшык, кыжырдануулар жазылып калганы жашыруун эмес. Бир блогер “Байтерек Токиодон алтындарды шагыратып, сөйкө-шакекти басып келет” десе, экинчиси “ал да күрөшүп атыптыр, Шаки менен түнкүсүн...” деп тамаша кылды. Шаабайды сууткан комментарийлер өтө арбын экен. 

Эске салсак, президенттин пресс-катчысы катары иштей албай башка бөлүмгө которулган Галинанын ойсокелиги, мансапка манчыркаган көпкөлөңдүгү көөнө кыргыздын көңүлүн калтырып бүттү окшойт. Бул эмне мынча кутурат? Же эмгек жаратпаса, билгени болбосо, деги кай жагы менен арбап алган? Андай деле бүйүр кызытчу жан эмес го?..

“Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде” деп бекер айтылбаса керек... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер