Саяпкери жарашса, Алмаке тарых жаратчудай...

Өкмөт башчылыкка татыктуу талапкерлердин көч башында Алмамбет Шыкмаматов да турат. Бул кыраан ириде саясатчы, акыл-эстүү, арканды алыс ыргыткан кыраакылыгы да бар. Кадр катары бышып-жетилип, баардык тармактарды башкарууга дараметтүү. Буга чейин юрист, мыйзамчы, салыкчы катары өзүн көрсөтө алды. Эң башкысы, сергек мүнөздө, кандай гана татаал маселе болбосун, аны чечүүнүн жолдорун таба билет. Эгерде эртең премьер-министр кылып дайындап койсо, толук кандуу башкаруу ыйгарылса, мамлекетибизди саздан сууруп чыгууга Алмакебиз салым кошмок! Дээрлик реформа жасоодон сырткары, элдин маанайына жараша саясат жүргүзмөкчү. Тоз-тополоңду, митинг-пикеттерди алдын алып, кырдаалды көзөмөлдөөдө да кыраакылыгын көрсөтөт эле. Аң-сезими, айлакерлиги ашкере өнүккөн. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, Алмамбет Шыкмаматовду анча баалабай келебиз. Акыры ушул жигит кыргыз элинин түркүгү сымал тарых жаратчудай, аныгында саяпкери жарашса...
"Азия Ньюс" гезити