Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эдил БАЙСАЛОВ, Улуу Британиядагы Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарымдуу элчиси: “Мага ишеним көрсөткөн өлкө жетекчилигине ыраазымын, буюрса, ак кызматымды аябайм”

Эдил БАЙСАЛОВ, Улуу Британиядагы Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарымдуу элчиси: “Мага ишеним көрсөткөн өлкө жетекчилигине ыраазымын, буюрса, ак кызматымды аябайм”

18-ноябрь, 12:48
1 640 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Эдил Байсалов элчи болуп дайындалганына жүз күндүн тегери болуп калганынан, элибизге аттын кашкасындай таанымал чыгаан замандашыбызга Лондонго телефон чалып, интервью алалы десек, колу бошобойт. Эки күндөн бери Кубатбек Боронов баш болгон кыргыз өкмөтү жана бизнес делегациясы инвестфорумга катышып жүргөн чагы экен. Элчибиз толук кандуу маек берүү үчүн дагы бир жолу убада берди. Бирок, азырынча ушул кыска суроо-жоопту жарыялап туралы. 
-- Эдил мырза, барсызбы? Элчи болуу сизге жактыбы? Лондон кандай экен? 
-- Элчи болуп дайындалуу (кайсы гана мамлекетке болбосун) – бул, албетте, өтө чоң ардак жана милдет. Бирок, алардын арасынан эң эле сыйлуусу – бул Лондон жана Улуу Британия королдугу. Буюрса, мен бул кызматты так жана кынтыксыз аткарууга кириштим деп айта алам. Башында кичине “аткараламбы, тил табыша аламбы, окшошомбу?” деп тынчсыздангам. Бул ар бир эле адам үчүн нормалдуу эле көрүнүш болсо керек. Азыр көнүшүп калдым. Өзүмдү ишенимдүү эле сезип атам. Мага ишеним көрсөткөн өлкө жетекчилигине ыраазымын, буюрса, ак кызматымды аябайм, ишенимди актайм деп турган чагым. 
-- Августтун башында баргансыз, жүз күндүн ичинде кандай жетишкендиктерди камсыздай алдыңыз? 
-- Жүз күн – бул өтө эле аз убакыт. Өзгөчө Британиядагы азыркы саясый кырдаал дагы алардын, Брекзит менен байланыштуу өкмөттүн жана жалпы эле коомду алаксытып турат. Евробиримдиктен качан жана кайсы шартта чыга тургандарын такташып атышат, өтө чоң талаш-тартыш. Мына ошондон улам мөөнөтүнөн мурда шайлоого кетүүгө туура келди. Ал үчүн биздин эки тараптуу бир канча сүйлөшүүлөрүбүз дагы кайра-кайра жылдырылып калды. Кубатбек Айылчиевич Боронов жетектеген өкмөт делегациясы өткөзчү жолугушуулар дагы британ тараптан шайлоого байланыштуу четке кагылып калды. Анткени шайлоо учурунда бул мамлекетте “парда” деп коюшат экен, болочок өкмөт ким болору белгисиз, келечекке эч ким убада бере албайт, сүйлөшүүлөрдү дагы жүргүзө алышпайт экен. Бирок, ошондой болгон учурда дагы биздин делегация инвестициялык форумду өткөзүп, туризм, санариптештирүү жана өнөр жай боюнча ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алды. 
-- Мындан тышкарычы? 
-- Мындан тышкары, мен 45 мамлекеттин элчиси менен жекеме-жеке жолугушууларды өткөзүп, учурашып, таанышып чыктым. Мамлекеттин негизги министрлик жана мекемелери менен жолуктук. Парламенттин эки палатасында Кыргызстандын мурунку достору менен жолугуп чыктык, бир канча жаңы дос таптык, буюрса мунун дагы жемишин көрөбүз. Консерваторлордун Манчестердеги жана лейбористтердин Брайтондогу партиялык конференцияларына катыштым. Эдинбург баш калаасы Шотландияда сапарда болдук. Негизги коомдук уюмдары менен да байланыш түздүк. Мени эки өтө чоң престижи бар королдук коомго толук кандуу мүчө катары таанып, кабыл алышты: Royal Society of Arts жана Royal Asiatic Society. Андан сырткары да бир канча коом, музей жана клубдарга кошулдум. Билесиздер, Лондон бул дүйнөлүк прессанын негизги борбору. Гезит жана журналдардын жетекчилиги менен жолугуп, байланыш түздүк. Кембридж жана Оксфорддо болуп, таанышып чыктык. Айтор, азыр сизге айтып атам, чын эле өзүмдү мактагандай болбоюн, бирок, жакшы кириштик. Бирок, дагы бир жолу айтам, жүз күн бул өтө аз. Дипломатияда келип алып эле кыйратып салуу мүмкүн эмес. Баары али алдыда!
Суроо салган Асланбек САРТБАЕВ
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер