Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Вице-мэр Нурдан Орунтаев уурдалган машиналардан акча жасап келгенби?

Вице-мэр Нурдан Орунтаев уурдалган машиналардан акча жасап келгенби?

29-август, 12:00
6 515 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жума күнү Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын вице-мэрлигине дайындалганы кабарланды. Эмне болгон кадр? Күтүүсүз чыга калгандардын күмөндүү иштери чубалып чыкчу эле. Эмесе, изине түшөлү. Ал буга чейин мэриянын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинде аз убакыт иштеген. Ошентип, жаңы бийликтин амири менен көтөрүлүп келаткан чагы. Учурда башкы калаанын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча вице-мэрлигин аркалайт. Албетте, “майлуу” тармак. Кептин баары ушунда...

Артка кылчайып, кыңыр кезең Сокенин бийлиги тушунда өркүндөгөнүнө токтололу. Нурдан Орунтаев милицияда тергөөчү катары иштеп келген. Кыйла “калбырлуу”. Сокулук РИИБде тергөөнү жетектеп турганда, өздүк курам каршылык көрсөтүп, кубалап чыкканын кайда жашырабыз? Андан соң ИИМдин тергөө башкармалыгына келип, бул жактан да “пок” басат. Россиядан уурдалып келген кымбат баадагы машиналарды ИИМдин тергөөсү аркылуу будамайлашканбы? Атайын топ 18 миң доллар кымырышып, коё берип жиберишкенби? Көп өтпөй Баткенден ошол машиналар кармалып, аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иштери козголду беле? “Кызыл шапкечендердин” мафиялык уюшма аракеттерине андагы ИИМ орун басары Памир Асановдун Жайыл РИИБде иштеген баласы аралашып, агезде тамырлары терең чырмалышкан үчүн сакталып калышканбы? Кашкар Жунушалиев баардык мыйзамсыз жоболоңдордун башында турса, Сооронбай Жээнбековдун оң колу Алмамбет Салиев коррупция, паракорчулукту жымырып жатса, кайдагы тазалыкты кеп кылабыз? Аты аталгандар атайын тергөөгө алынса, арбын былыктар калкып чыгабы? Ооба, бул өткөн чактагы коңгуроо. Россиядан уурдалып келген машиналар дал ушулардын калкалаганы, “бармак басты, көз кыстысы” менен ойрондолсо, суудан кургак чыга беришеби? Ооба, олуттуу суроолор көп. 

Ансыз да Бишкек мэриясы саздан чыга албай, элге жек көрүнүп жатса, “өлгөндүн үстүнө көмгөн” дегендей, кечээги шектүү Нурдан Орунтаев жетекчилик “майталкан” орунга конуп калса, келечегиңерди кандай элестетесиңер? Шаар байлыгын, имараттарды, жерлерди “жең ичинен” жылдыруу үчүн келдиби? Аныгында, үлп эткен шамалдын желиндей кеп салдык. Аз күндө дагы кызыктар жабырамакчы... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер