Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Сыдыков: “Ишкерлерге опузалоо, рейдерлик басып алуулар токтосо...”

Аскар Сыдыков: “Ишкерлерге опузалоо, рейдерлик басып алуулар токтосо...”

31-январь, 23:39
5 412 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл аралыкишкерлер кеңешинин директору Аскар мырза бул жааттагы көйгөйлөр туурасында ой бөлүштү.

-- Аскар мырза, экономиканы көтөрө тургандар негизи ишкерлер эмеспи. Азыр абалдары кандай?

-- Албетте, ишкерлер көптөгөн чыгымга учурашып, дагы деле кыйналып жаткан кездери. Пандемия жана акыркы кризис запкысы бүтө элек. Көп насыяларын, кредиттерин төлөй албай, товарларын сата албай, кээ бир товарларын чек ара маселелеринен улам алып кире албай кысымга алынышып, көптөгөн маселелерге кабылууда.  

Азыркы учурда алардын көйгөйлөрүн чечүү жолдоруна токтоло кетейин. Бийлик биринчиден, коопсуздук маселелерин чечип берүүлөрү керек. Коопсуздук дегенибиз – ишкерлерди, жалпы элди негизсиз басым-кысымдан, рейдерлик тартып алуу, опузалоодон коргоп, жеке менчик укугун, ж.б. мүдөөлөрүн коргоп берүү. Жеке менчиктин корголгону – бул экономиканын бирден бир тармагы. Ансыз биз эч бир экономиканы түздөп, өнүктүрө албайбыз. 

Экинчиден, мамлекетке тийешелүү болгон чаралар жана ыйгарым укуктарга кирген чек ара маселелерин чечүү, товарларды сыртка алып чыгып экспорттоого, импорттоого, сырттан алып келүүгө көмөктөшүү. Аны ишкерлер өздөрү чече алышпайт. Ошондуктан мамлекет башка коңшулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ишкерлерге тоскоолдуксуз бизнес жүргүзүүгө шарт түзүүлөрү зарыл. 

Үчүнчүдөн, башка мамлекеттерде болгон ички жол-жоболор, мыйзамдар, эрежелер колдон келишинче жөнөкөй болушу керек... Ишкерлер барып справка алып, уруксат кагаздарын, лицензияларга жооп берип, алтындай убактысын коротпой, ал убактысын бизнесине жумшагандары оң. Жаңы кардар таап, өнөктөштөрдү тартуу менен алектенүүлөрү зарыл. Бизде болсо, тилекке каршы, жол-жоболордун татаалдыгына, мыйзамдардын иштебегенине байланыштуу көп ишкерлер убактысын жөн эле коротуп, ошону менен алектенүүгө аргасыз болуп жатышат. 

Төртүнчүдөн, азыркы учурдагы кыска мөөнөттөгү экономиканы колдоо чаралары. Ишкерлерге салыктан жардам берүү, майда ишкерлерди, өзүн-өзү багып жаткандарды колдоп, патенттерден бошотуп койсо, бир топ жеңилдик болмок. Социалдык төлөмдөрдү ылдыйлатуу сыяктуу колдоо чаралары колдонулушу зарыл. 

-- Социалдык, экономикалык кырдаалды турукташтыруу, өнүктүрүү үчүн кандай чаралар керек?

-- Бул жаатта баардык бийлик бутактары транзиттик эмес, туруктуу болуп иштеп берсе болот. Жаңы президент киришип, жаңы парламент шайланып, ишке кирсе, баардык бийлик бутактары кенен-кесири иштөөгө шарт түзүлөт (!) деген үмүттөбүз. Азыркы учурда өкмөт менен көптөгөн долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз. Чоң экономикалык реформалар боюнча кеңеш түзүлгөн. Ошол кеңештин алкагында жети багыт боюнча реформаларды биргеликте алып баруудабыз. Булардын ичинде жергиликтүү башкаруу системасын бизнес карым-катнаштарына карата өзгөртүү, энергетикага болгон жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, электр кубаттуулукту жогорулатуу, электр тармагына кошулууну жөнөкөйлөтүү, лицензияга уруксат берүүлөрдү кыскартуу, салык системасын жакшыртуу, укук коргоо жана сот органдары менен байланыштарды чыңдоо, бизнестин укуктарын коргоо, ж.б. Ушул багыттар боюнча жана курулуш тармагы жагынан көп иштер, арбын ой-пикирлер, идеялар бар. Мунун баарын биргеликте ишке ашырууга даярбыз. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер