Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көз тийгенде кандай белгилерден байкаса болот?

Көз тийгенде кандай белгилерден байкаса болот?

15-август, 16:55
8 432 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көз тийүү тууралуу ар кандай пикирлер бар. Олуттуу каралбай, убагында чара көрүлбөй калса өлүмгө чейин алып барары жазылган. Мындан эч ким коопсуз болуп, кутула албайт. Көз адамдын ден соолугуна, психологиясына, ишине же үй-бүлөсүнө тийүүсү мүмкүн. Адамдагы белгиден улам эмнесине көз тийгенин рукуячылар аныктап, андан арылта алышат. Рукуячы Эрмек Тынай уулу көз тийүүнүн белгилерин санап берди:

Көз тийүүнүн белгилери кандай болот? 

  •  Бүт денеси же болбосо колу, буту дайыма ысып же муздап турат

  • жүрөктүн согуусу лакылдап тездейт

  • жөнү жок башы, көзүнүн айланасы ооруй берет

  • буту себепсиз сыздатып дайыма ооруп, тура албай калуусу мүмкүн

  • аба жетпегендей деми кысылып турат. Мындай абал өзгөчө түштөн кийин башталуусу ыктымал

  • чачы түшөт, арыктайт, бат чарчайт, тамакка болгон табит жоголот

  • маанайы тез-тез түшүп, уйкусу бузулат

  • өтө жарыкка жана жыттарга чыдамсыз болуп калат

  • өзүн көзөмөлдөй албай айрымдар ичип кетүүсү, үйүнөн качуусу ыктымал

  • намаз окуган адам болсо намаздарга тура албай, куран окуп, зикир кыла албай калуусу мүмкүн

  • аял киши болсо себепсиз кыжырданып ыйлап же бирөө менен урушкусу келет. Же тескерисинче, түнт тартып кетет

  • өзү менен өзү болуп элден алыс жүрүүнү каалайт

  • эркектерде эркектик алсыздык, тукумсуздук пайда болот

  • буулугуп ыйлагысы эле келе берет

  • ийгиликтүү иши бир заматта токтоп артка кетет

Көз тийүүдөн кантип сактанабыз?

Социалдык тармактарга жеген тамагыңызга чейин киргизе бербеңиз. 

Сиздин бактылуу жашап жатканыңызга бирөөнүн ичи күйсө, бирөө суктанат. Бул болсо көз тийүүгө жеткирет.

  • Кылып жаткан жана келечекке пландалган иштер тууралуу баарына эле жарыялай бербеңиз. 

  • Аялзаты шуру же болбосо адамдын көзүн тарта тургандай башка тагынчактарды, ал эми мырзалар колдоруна саат сыяктуу аксессуарларды тагынып алуусу керек.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер