Акыркы кабарлар
» Коом » Ооруканада жаткан 113 бейтаптын абалы өтө оор
Ооруканада жаткан 113 бейтаптын абалы өтө оор
18-ноябрь, 12:03
475 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстанда коронавирустан дарыланып ооруканада жаткан 3136 бейтаптын арасынан 52синин гана абалы канааттандырарлык, калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп баалап жатышат.
18-ноябрга карата расмий маалыматка караганда, 897 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 боюнча ооруканада жаткандардын 28%ын түзүүдө. Бейтаптардын 3,6%ы өтө оор абалда, алардын жалпы саны 113 адам. Мындан тышкары, 2074 бейтаптын абалын дарыгерлер орточо оордукта деп мүнөздөп жатышат. Алар ооруканада жаткандардын 66%ына барабар.
Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору жуккандардын жалпы саны 68 миңге чамалады. Алардын 1212си көз жумду.
(RK)