Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бегалы Турабаев, активист: “Мэрди шаардык кеңештин депутаттары эмес, эл шайлашы зарыл”

Бегалы Турабаев, активист: “Мэрди шаардык кеңештин депутаттары эмес, эл шайлашы зарыл”

10-январь, 02:26
2 313 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ошентип, көптөн күткөн 2020-жыл да кирип келди. Бул жыл саясый окуяларга бай болот. Күздө өтчү парламентик шайлоо камылгасы жыл жаңырганы дагы кызыды. Жарышка аттанчу айрым саясый партиялар идеячыл, тирикарак жаш лидерлерди өздөрүнө тартып жатышат. Соцтармактарда болсо активдүү жүрүш-туруш, ой-пикир жазгандарына карап, “шайлоого барат окшойт” деп божомолдоп согуп калышты. Антейин десең, бул деле кайсы бир деңгээлде чындыкка жакындайт... Менин каарманым да ушул айтылгандардын бири. Акыркы жылда кайрымдуулук жаатында көп иштерди жасап, көзгө көрүндү, оозго алынды. Бегалы мырзанын көптөргө, айрыкча жардамга муктаж болуп, карайлап турган адамдардын көйгөйүн жеңилдеткен аракеттери арбын. Бирок, анын баарын шардана кылбайт. Болгону, маалымат иретинде бөлүшүп турат. Жаш экенине карабай, активдүү, саясатта да түшүнүгү кенен. 


-- Бегалы мырза, 2019-жылдын жыйынтыгы менен ар тармактан мыктылар аталышат. Арасында сиздин да атыңыз аталды. Кайрымдуулук жаатындагы иштериңиз көпчүлүккө белгилүү. Бир нече адамдарга, үй-бүлөлөргө, балдарга камкордук кылып келесиз. Кандай максатта бул иштерди жасайсыз? Дегеле, кайрымдуулуктун мааниси эмне?

-- Рахмат, мени тандап, “мыктылардын” катарына кошкон ага-эжелерге да рахмат айтат элем. Ачыгын айтайын, бул тандоо мени кубандырды, стимул болду. Жыл бекер өтпөптүр. Аз да болсо адамдарга көмөгүм тийгенине сүйүнөм. Пиар үчүн эмес, Жараткандын ыраазычылыгы үчүн иш кылганга үйрөнүшүбүз керек да. Демек, кайрымдуулук мен үчүн өпкөм күйүп чуркаган чоң иш эмес. Ар кандай турмушта жашагандар, мисалы, бирөө тагдырдын сыноосуна кабылып, оор шартта жашап жатат, бирөө оорудан айыга албай, эки көзү төрт, ошолорго колдон келишинче жардам берип, сурап койгон адамдык парз. Эмнегедир мага жолуккан ушундай адамдарга кош көңүл боло албайм. Көп бере албасам да көйгөйүн жеңилдеткенге жардам кылам. Ошондуктан, бул нерсе максаты жок. Менимче, кайрымдуулуктун маңызын издеп, түшүнүп, андан соң кайрымдуулук кылуу туура эмес. Кудай баарын көрүп турат. 

-- Фейсбуктан жандана баштагандарды эмнегедир “шайлоого барат экен” деген түшүнүк калыптанды. Жакшы ой-пикирлерди жазып каласыз... Сизди да шайлоого барчулардын катарынан көрөбүзбү эми?

-- Фейсбукка жазгандарымдан улам, мага да кээ бир окурмандар дал ушул суроону беришет. “Шайлоого барасыңбы?”, “шайлоого даярданып жаткан окшойсуң э?” деген ж.б. Мен айтып коюшум керек, Фейсбуктагы постторум жандүйнөмдө болуп жаткан ойлор, пикирлер. Ошолор менен гана жазып, бөлүшүп коём. Окурмандар дайыма кайсы маселеде болбосун, колдоп, кубаттап, комментарийлер аркылуу кеңештерин беришет. Айрымдарын жашоомдо колдоном. Дагы жакшы ойлорду жазганга шыкак беришет. Мен үчүн бул нерсе жашоо образы болуп калды. Ал эми шайлоо тууралуу айтсам, ал жөнүндө азырынча ойлонуп да көрбөптүрмүн. Өзүм саясатка моралдык да, физикалык да жактан даяр эмес болсом керек... 

-- “Парламентке жаштар келиши керек, жаңылануу болуусу зарыл” деген чакырыктар күч алды. Сиздин оюңузча, жаштар өлкөнү жаңы нукка өзгөртө аларына канчалык ишеним бар? 

-- Менимче, парламентте эки муун аралашып, жуурулушуп иштеш керек. “Жалаң жаштар келиши керек”, же “жалаң улуу, ортоңку муун келсин” дегенге кошулбайм. Ар биринин өзүнчө көз карашы бар. Тең салмактуу, бири-бири менен кеңешип, ой-пикирлерин, сунуштарын алмашышып, жакшы нукта иш алып барганы дурус. Эң башкысы, ынтымак болуусу абзел. Ынтымак болгон жерде туруктуулук орнойт, өнүгүүгө бет алат.

-- Шаардык кеңештеги шайлоо системасын, мэрди шайлоо тартибин өзгөртүү керектигин айтып калдыңыз. Кандай сунуштарыңыз бар?

-- Бишкек – өлкөбүздүн күзгүсү, жүзү, абийири. Мына ушул борборубузда толгон-токой проблемалар бар. Чечүүнү талап кылат. Албетте, сунуштарым бар. Алардын бири – мэрди түз шайлоо системасын киргизүү. Азыркыдай шаардык кеңештин депутаттары эмес, эл шайлашы зарыл. Мэр кабинетте отуруп эмес, шаар аралап, басып-туруп иштеши керек. Шаардагы баардык көйгөйлөрдү өз жоопкерчилигине алып иштемейин, шаарыбыз оңолбойт. Ал эми шаардык кеңешке өтө жаш курактагылар (окуу жайды жаңы бүткөндөр) келип албашы керек. Алар шаарды башкара алышпайт. Албетте, бул менин жеке оюм. Чынында, шаардык кеңешке депутаттардын деле кереги жок. Мурдагыдай, район акимдеринин функцияларын көбөйтүп, ыйгарым укуктарды толук кандуу өткөрүп берүү жетиштүү. Азыр болсо акимдердин колу-буту тушалган, алардын тагдыры шаардык кеңештин депутаттарына түздөн-түз байланышкан. Депутаттар сессия өткөрүп, макулдук бермейинче, мэрдин батасын алмайынча, акимдер бир иш кыла алышпайт. А шаардын көйгөйүн жакшы түшүнбөгөн беш депутат алардын тагдырын өкчөгөнү туура эмес. 


Динар ТУРДУГУЛОВА 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер