Гүлнара Ускенбаева: «Байланыш операторлоруна салык көбөйсө, интернеттин баасы кымбаттайт»
Кыргызстандагы товар жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева менен Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча маектештик. Айтымында, аталган кодекс коомдук талкуудан өтүп, министрлер кабинетинде. Буга чейин президенттин Салык кодексин 1-октябрда Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү боюнча буйругу чыккан. Эми парламентте каралат.
-- Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн зарылчылыгы эмнеде?
-- Өзүңүздөр билгендей, Салык кодекси – мамлекеттик бюджетти толтуруунун негизги булагы. Ошондуктан көбүрөөк салык салып, казынаны толтуруу максатында оңдоолор киргизилип, ишкерлерден акча чогултуу ыкмасы. Бирок, президент бизнести кысуу эмес, аларга колдоо көрсөтүүнү тапшырган болчу. Ошол эле учурда экономика министрлиги «ишкерлердин баардыгын эмес, салыкты төлөбөгөндөрдү гана тартипке салабыз» деген пикирин билдирген. Анткен менен салык кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынын дээрлиги идеалдуу болуп, алар пара албай, өзүнүн эмес мамлекеттин кызыкчылыгын гана ойлогондо кеңейтилиши кажет. Мындай болгондо көмүскөгө кеткендерди жоопкерчиликке тартып, ачык иштегендерге тийишпейт. Бизде факты жүзүндө андай эмес да. Ошон үчүн салыкчылардын укуктары кеңейип жатканына кооптонуудабыз. Кандай болгон күндө дагы кодекстин оң жана терс жактары бар.
-- Салык кызматкерлерине кандай укуктар берилип жатат?
-- Жаңы нормалар боюнча салык кызматкерлерине эбегейсиз укук берилүүдө. Тактап айтканда, мурдагы каржы полициясынын ыйгарым укуктарынын жарым милдети прокуратурага, калганы салык кызматерлерине өттү. Тергөөгө алуу процесси прокуратурада, ал эми суракка алууга чейинки иштерди салык кызматкерлери аткара турган болду. Тандоодо үч мамлекеттик мекеме турган: ИИМ, прокуратура жана салык кызматы. Бирок, ИИМ менен прокуратурага бергенден көрө муну салык кызматкерлерине өткөрүү бизнес үчүн жакшыраак. Экинчи жагынан алып караганда, биз Бишкекте болгондуктан кайсы бир маселеде чындыкты издөө үчүн күчтүү ассоциацияларга, министрликтерге барсак болот. Ал эми аймактарда бизнес коргоосуз калат деп кооптонуудабыз. Салык кызматында иштегендердин баардыгы эле ишин так аткара бербегендиктен, алардын ыйгарым укуктары күчөгөнүнө жараша региондогу ишкерлерге кысым күчөп кетпейби? Ушундай кооптонуулар күч.
-- Мобилдик операторлор үчүн сатуудан алынуучу салыктын жогорулашы менен интернет кызматтарынын баасы өсүшү мүмкүнбү?
-- Байланыш операторлору боюнча азырынча эч нерсе айта албайм. Анткени, Салык кодекси боюнча 2-3 талкууга катышып, мунун баасын түшүрүп, эсептеп чыгыш керек (!) деген сунуштарды бергенбиз. Документтин финалдык вариантын алар кандайча карап чыкты, азырынча билбейм. Баардык коомдук талкуулардын жыйынтыгынан кийин экономика жана каржы министрлиги кандай чечимге келди белгисиз. Бирок, башында сунуштаган кодекс өзгөрбөсө, интернетке болгон баа сөзсүз кымбаттайт. Пикиримде министрлик буга өзгөртүү киргизет. Коомдук талкуу учурунда бизнестин айрым сунуштары эске алынып, түзөтүүлөр кирди. Мисалы, банктардын купуялуулугун сактоо жобосу, соттун чечими жок деле чек арадан чыгарбай коюу маселеси оңдолуптур. Себеби ишкерди куру айыптоолор менен эле чек арадан чыгарбай коюшу мүмкүн эле. Соттун “карызы бар” деген акыркы чечими чыкканда гана өткөрбөй коюуга болот. Ушуга окшогон биз жазган сунуштардын айрымдары эске алыныптыр. Ошондой эле кечээ жеке бала бакчалар үчүн каралган салык жеңилдиктерин калтыргандарын билдиришти. Өлкөдө муниципалдык бала бакчалар жетишпейт. Жарандар балдарын киргизе албай убара тартышууда. Электрондук кезекке туруп, балаңды бакчага бергенче мектеп жашына келип калган учурлар арбын. Жеке бала бакча ачкандарга “2-3 жыл жеңилдик берилди, болду, алыш керек” дешти. Кантип ошол жыл жетишсин, бир жарым жылдан бери уланып жаткан коронавирусту эске албайбызбы, алар иштешкен жок да? Канчалаган жеке бала бакчалар имараттарынын ижарасын, тарбиячылардын айлыктарын бере албай жабылып калды. Кудайга шүгүр, министрлик бул жерде дагы биздин сунушка кулак салды.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити