Акыркы кабарлар
» Коом » Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 25 жылга чейин узартылды
Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 25 жылга чейин узартылды
01-декабрь, 19:33
1 466 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Президент Садыр Жапаров ипотекалык насыялоонун мөөнөтүн 15 жылдан 25 жылга чейин узарткан мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 1-декабрда билдирди. Буга байланыштуу “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамды Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 3-ноябрында кабыл алган. Мыйзам менен инвесторлордун, эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган. Бул ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдете турганы белгиленген.
“Аталган өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун, эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт” деп жазылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.