Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камактагы оппозиция өкүлдөрү бийликтен кечирим сурашса, эркиндикке чыгышары каңкууланды

Камактагы оппозиция өкүлдөрү бийликтен кечирим сурашса, эркиндикке чыгышары каңкууланды

09-январь, 09:00
2 653 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңырган жылга карай камактагы саясатчы, активисттер эркиндикке чыгышы мүмкүн. Бизге жеткен маалыматка караганда, алар бийлик төбөлдөрүнөн кечирим сурашса, жалынып-жалбарышса, ошондо гана эркиндиктин тузу буюра турганы каңкууланды. Негизги тартип ушундайбы? Кечирим сураган саясатчылар кагазга кол тамгасын коюу менен өздөрү жазышат, ошого катар видеого да тартылышып, бийлик үчүн “көзүр” материал калтырышат. Экинчи саясатка аралашпоо үчүн сөздөрүн бериши керек. Мына ушундай шарттарды аткаргандан соң түрмөдөн чыгышарын уктук. Тилекке каршы, камактагы оппозиция өкүлдөрүнүн көпчүлүгү кечирим суроодон баш тартышары, бийлик астында тизе бүкпөсү белгилүү. Алар баарына даяр болуп камалышканы айкын. Образдуу айтканда, башты көк жоолук менен байлап койгондор. Ушундай. Кокус жазга карай айрымдары эркиндикке чыга башташса, анда жогоруда биз мисал келтиргендей, кечирим суроо менен бошонгондор катары бааланабы?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер