Акыркы кабарлар
» Коом » Кытайдагы ачарчылык апааты жакындабасын!
Кытайдагы ачарчылык апааты жакындабасын!
13-август, 10:55
523 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кытайда коркунуч жараткан ачарчылыктын алдын алуу иштери башталды. Си Цзиньпин жашоочуларга тамак-ашты ысырап кылбоосун жана ачарчылыктын болушу күтүлөрүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости «Синьхуа» агенттигине шилтеме берип жазып чыкты.
Маалыматта кытай башчысы дан өсүмдүктөрү жылдагыдай эле өсүп жатканын айтып, бирок дүйнөлүк пандемиянын кесепетинен улам ачарчылык да болушу күтүлөрүн жар салган.
Агенттиктин билдирүүсүндө, Си Цзиньпин азык-түлүк коопсуздугуна көңүл бөлүп, коомду сарамжалдуулукка чакырып, ашыкча ысырап кылбоосуна карата мыйзамдарды да карап жатат. Бул аракет адамдарды ашыкча ысырапкорчулуктан арылтат дейт.
"Азия Ньюс" гезити