Өзүмдү үй-бүлө бузуп жүргөн аялдардай сезип, ыйладым...

Эркектер эмнеге аялы, үй-бүлөсү болсо да башка кыздарга “бойдокмун”, же “ажырашкам” деп айтышат? Эки бала менен тааныштым. “Ажырашкам” деген бала “астма болуп ооруп калганымда аялым таштап кеткен” деди. “Балдарың барбы?” десем, “ооба” деди. “Анда элдеш, ажырашпа” дедим. Экинчиси “бойдокмун” деди. Бирок экөөнүн тең аялы “үй-бүлөбүздү бузба” деп мага жазышты. Өзүмдү жаман сезип кеттим. Бирөөнүн турмушун жок жерден бузуп жаткандай, эч себепсиз күнөөлүүдөй, үй-бүлө бузуп жүргөн аялдардай сездим өзүмдү. Өзүмчө ыйладым, “кайсы күнөөм үчүн бул сөздөрдү угушум керек?” деп жандүйнөм жанчылды. Өзүмдү ортодо калган бузуку адамдай сезип жатам. Эмнеге антип алдашат? Түшүнбөйм, эмне жетишпейт аларга? Мага ошентип жалган сүйлөгөндөн кийин байкуш аялдарына да жок маалыматты айтышкандыр. Эркектер, коомду бузуучу катары аялдарды эсептебей, оңолгулачы?!
Аида
"Азия Ньюс" гезити