Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Ибраев “Манас” мыйзамы менен көз будамайлап, аңга түшүрөбү?

Депутат Ибраев “Манас” мыйзамы менен көз будамайлап, аңга түшүрөбү?

29-июнь, 14:11
930 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

5-каналдын “Ой бүгүн” программасында “Манас” эпосу жөнүндө жаңы мыйзам долбоору эки жолу талкууланып, ага депутат Саматбек Ибраев мыйзам долбоорду иштеп чыккан автор катары эки жолу катышып, Т.Тургуналиев, С.Кайыпов, Ж.Орозобекова, С.Алахан, А.Медетов жана Т.Бакчиев өңдүү окумуштуулардын пикирин угуп, “сунуштарыңарды бериңиздер, кабыл алабыз” деп, алардын айрымдарынын жумушчу тобуна кирбей калгандыктары үчүн кечирим сурап да жибериптир. Ошо менен илимпоздор “бу маданияттуу, илимди түшүнгөн,  билимдүү депутат турбайбы. Биз мунун демилгесин колдоп берели” деп бир тобу ошол замат эле С.Ибраевди колдошуптур, дагы бир тобу “ой тобо, мындай сылык- сыпаа, кичипейил, адамдын ичи-койнуна кирген, жылуу сөзү оозунан түшпөгөн депутатты биринчи көрүшүм” деп жыла басып, жылуу сүйлөгөн депутатка ыраазы болушуптур. Топчубек Тургуналиев болсо, ал телеберүүдөн кийин да депутат менен жолукканын элге жар салып, алтургай Манас жана Ч.Айтматов академиясында Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү катышып, “Манас” жөнүндөгү жаңы мыйзамдын долбоорун талкуулаган жыйында “Саматбек жаңы мыйзам долбоорунан баш тартам дегендей кылды” деп жарыя кылат. Ошого удаа эле Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Б.Жакиев, академиктер А.Эркебаев, А.Акматалиев, КР УИАнын корреспондент-мүчөлөрү О.Тогусаков, И.Ашымов, С.Мусаев, эл жазуучулары А.Өмүрканов, М.Абакиров, илим докторлору К.Абакиров, С.Алахан, С.Кайыпов, Т.Кененсариев ж.б. окумуштуулар жаңы мыйзам долбоорун кабыл алууга болбой турганын, анын жүйөлүү саясый, социалдык, маданий себептерин көрсөтүп, президент С.Ш.Жээнбековго, ЖК төрагасы Д.А.Жумабековго кайрылуу жолдошкон. Андан кийин депутат Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин төрагасы Д.Жумабековго кирип, “жаңы мыйзам боюнча   долбоорго баардык сунуштарды киргизип жатам” деп кулагын ушалап чыгат.

Эми ушул Жогорку Кеңештин төрагасы Д.Жумабековду “уктатып”, элибиздин каймагы болгон инсандардын кайрылуусун каакы ордуна көрбөй, аларды “кишисиңби, итсиңби?” дебей, илимпоздорго элдин алдында берген убудасын унутуп, эч кандай сунуш-мунушу жок эле 26-июнда Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде “Манас” жөнүндөгү мыйзам долбоорун каратып, өткөргөн. Депутаттар “Манас” жөнүндөгү мыйзамды жөн эле эмес, “жакшы мыйзам” деп мактап өткөрүшүптүр. Болсун дейли, анда эмне үчүн академиктер баш болуп мыйзам долбооруна каршы чыгып жатышат? “Каршы пикирлер бар турбайбы” деп бир депутат кызыгып койбогону таңкалычтуу.

Көрсө, маселенин төркүнү бул жакта экен. Кыргыздын психологиясын жакшы   билген Саматбек Ибраев бул мыйзам “Манасты” бурмалагандарга, жайсаңчыларга каршы мыйзам дегендей айткан экен, “кокуй, бул калмак ырчысы Жайсаңды колдогондорго каршы мыйзам турбайбы” деп көктөн издегени жерден табылгандай кудуңдаган кыргыздар колдоп жибериптир. Эми маселенин маңызына келели. Жаңы мыйзам долбооруна экстремисттик адабият катары Нарын облустук сотунун чечими менен тыюу салынган “Айкөл Манас” он томунун бузук идеялары кирген. Алар кайсылар? Жаңы мыйзам долбоорунун квинтэссенциясын “айкөл” деген сөз түзөт. Манастын негизиги сапаты “айкөл” экен, кыргыздын да мүнөздүү сапаты “айкөл” экен. Себеби кыргыздын жерин талашып жатса, айкөл болуп бериш керек, тили жоголуп жатса деле айкөл болуш керек, маңкурт болуп баратса деле айкөл болуш керек. 

Депутат Саматбек Ибраевдин идеясы боюнча “айкөлдүк” мамлекетибиздин  башкы идеологиясы болуш керек. Акыл калчап карап көрсөк, бул баягы эле тарпы чыккан “общий дом” идеясынынын бир варианты болуп жатпайбы. Кыргызстан бозгун Аскар Акаевдин космополиттик “общий дом” идеологиясынан революция  жасап араң кутулса, бал тилге салып, депутаттардын башын айландырган  Саматбек Ибраевдин “айкөлизм” идеологиясынан кантип кутулар экен?

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер