Акыркы кабарлар
» Коом » Жогорку Кеңештин жыйындар залын ыш каптады
Жогорку Кеңештин жыйындар залын ыш каптады
20-январь, 19:22


Жогорку Кеңештин жыйындар залын ыш каптап, депутаттар тынчсызданууда. Депутат Адахан Мадумаров залды туман каптагандай болуп, эч нерсе көрүнбөй калганын айтты.
"Кандай кылабыз? Эгер мындай боло берсе залга аба тазалоочу аппараттарды коюу керек. Байкаңыздар, дем алуу мүмкүн эмес болууда. Керектүү адистерди чакырып изилдөө жүргүзүп көргүлө, ичиндеги аба кандай экенин. Бишкек шаарындагы көчөлөрдү айтпай эле коёюн, нормадан 600 эсе көбөйүп кетти деген маалыматтар чыгып жатат" деди Мадумаров.
Ал эми вице-спикер Нурланбек Азыгалиев бул маселе президенттин иш башкармалыгына (Жогорку Кеңешти да тейлейт) айтылганын, азыркы убакта иштеп жатышканын маалымдады.










