Ленара Ниязбекова: “Өлкөнүн ички потенциалын курмандыкка чалгандар бар”
“Учурда кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт өткөрүү пункту күнүнө 300дүн ордуна беш гана унаа өткөрө алат” деп "Дордой" ассоциациясынын башчысы Дамира Дөлөталиева бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин отурумунда айтып өттү.
Торугарт өткөрүү пунктундагы унаалардын кечигип жаткандыгына байланыштуу, ал төртүнчү сезон кыйроо алдында тургандыгын жана ишкерлер акчаны кайдан аларын билбей жаткандыгын белгиледи. "Торугарттагы көйгөйдү чечүү үчүн биз комиссия түзүп, Кытайга таазим этип сүйлөшүп, эмне үчүн мындай чектөөлөр киргизилгенин билишибиз керек" деп сунуштады Дөлөталиева.
-- Ишкерлерге оор абал түзүлдү. Айрым ишкерлик боюнча кыймылдар кытайлар менен жакшылап сүйлөшүүнү сунушташууда. Сиз кандай көз караштасыз?
-- Атамекендик өндүрүштү 30 жылдан бери тушап отуруп, эми айрымдар “Кытайга чөгөлөп баралы” деген демилгени айтып жатышат. Албетте, бул балким айласыздык. Бирок, бизнести бир гана алып-сатарлыкка кептеген саясат өлкөнүн ички потенциалынын ташталканын чыгарган. Эми кыйын кезеңге кептелгенде “Кытайга жалбарып баралы” деген пикирге кептелишиптир. Деги эле өкмөттөгү жыйындарга да баягы тааныш-билиш, ар кандай серый схемаларды өкмөт же анын тутумдары менен бирге жасаган бизнес өкүлдөрү дегендер бара берет. Берген сунуштары бул. “Өкмөт айрым бизнестер менен биригип, мамлекеттин акчасын далай жолу жууп тазалаган” деп Садыр Жапаров туура айтты. Бизнеске жамынып, өлкөнүн казынасын, өлкөнүн ички потенциалын башкаларга курмандык чалгандарга да мыйзам чегинде чара көрүлүп, текшерилиши керек...
"Азия Ньюс" гезити