Жаңылмырза Бакирдин кызы: “Омикронго” чалдыккандардын саны күнүнө 7 миллионго жетүүдө”
"Веданта" университеттик клиникасынын медициналык реабилитациялоо бөлүмүнүн башчысы менен маек.
-- “Омикрон” штаммын да баштан өткөрдүк. Бул дарт, дарттын өзгөчөлүктөрү тууралуу кандай пикирдесиң?
-- “Омикрон” бизге белгилүү эле болгон коронавирустун жаңы штаммы. Ал 2021-жылдын 26-ноябрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан айтылган. Ошол убактан бери коронавирустун бул түрү менен ооруган адамдар кескин көбөйүүдө. Себеби, “омикрон” илдетинин өзгөчөлүгү анын өтө жугуштуулугунда. Мисалы, статистикага кайрыла кетсек, 2021-жылдын аягында күнүнө 1 миллиондой жаңы ооруган адамдар табылып жаткан болсо, азыр ал сан 7 миллионго жетти. “Омикронду” эл арасында “өтө жеңил өтөт” деген ойлор айтылууда. Бирок антип айтуу эртерээк. Себеби, бул инфекция көпчүлүк убакта вакцина менен жакшы камсыздалган өлкөлөрдөн чыгып жатат. Ал жакта дал ошол вакцинанын себебинен жеңил өтүшү ыктымал. Ошондуктан илдеттен коркпой, “жеңил өтөт” деген ойлор ашыкча. Белгилери мурдагыдай эле: дене табы көтөрүлөт, кургак жөтөл коштойт, дененин оорусу кыйнайт. Ошондой эле калктын жабыркачу катмары карылар, өнөкөт оорулары бар адамдар. Аларда мурдагыдай эле пневмония болушу мүмкүн. Ооруканага түшүп, андан да жаман кесепеттерге тушугушу ыктымал. Андай болбош үчүн профилактикалык жолдору бизге белгилүү эле. Бул – вакцинация. Эгерде вакцина алганыңыздарга жарым жыл болуп калса, же ооруганыңыздарга үч айдан ашык убакыт өтсө, анда үчүнчү вакцинаны алуу керек. Баягы эле социалдык дистанцияны сактоо, беткап кийүү, көп адам чогулган жерге барбоо, бөлмөлөрдү желдетип туруу мурдагыдай эле маанилүү. Ошондой эле туура тамактануу, физикалык активдүү болуу сиздин ден соолукту чыңдоого жардам берет. Мурун ооруган адамдар да “омикронго” чалдыгып калышы толук ыктымал. Ошондуктан кайдыгер кароого жол жок.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити